Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Илхам Алиев Тоолуу Карабакта азери туусун көтөрдү

0
Илхам Алиев Тоолуу Карабакта азери туусун көтөрдү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борборунда азери туусун көтөрдү. Салтананттуу иш-чара азербайжандыктар Ханкенди, этностук армяндар Степанакерт деп атаган шаарда 15-октябрда болду.

Соңку жыйырма жылдан бери бийликте отурган Алиев  Баку сентябрь айында өз көзөмөлүнө алган аймакка биринчи жолу барды.

Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжандын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча «Тоолуу Карабак Республикасы» деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.

Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.

Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетти.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *