Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Баткен: мекеме аралык комиссия жапкан 32 мечиттин бири кайра ачылды

0
Баткен: мекеме аралык комиссия жапкан 32 мечиттин бири кайра ачылды

Баткен облусунда мекемелер аралык жумушчу тобунун диний жайларды текшерүүсүнүн жыйынтыгында жабылган мечиттердин бири кайра иштей баштаганын Баткен облусунун казыятынан «Азаттык» радиосуна билдиришти. Маалыматта айтылгандай, текшерүү учурунда уруксат кагаздарындагы кемчилиги үчүн жабылган мечиттин кызматкерлери дароо аны жоюп, кайрадан ишин улантууга уруксат алышкан. 

Баткен облусунда 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын ишмердиги токтотулганын 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

Буга чейин УКМК, Ички иштер министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Архитектура жана Кадастр мекемеси, Муфтият жана Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен турган мекеме аралык иш тобу диний чөйрөдөгү алдын алуу иш-чараларынын алкагында облус аймагындагы диний жайларды текшерип чыккан. Анын жыйынтыгында 25 диний жай уруксат кагаздары жок эле кызыл тилкеге курулуп калганы аныкталган.

Аларга жакын арада тиешелүү кемчиликтерди жоюп, кайрадан иштөөгө уруксат алуу мүмкүнчүлүгү болорун Баткен облусунун казысы Нуридин Мамасабиров билдирди.

Мындай текшерүү буга чейин башка облустарда да жүргүзүлүп, айрым мечиттер, медреселер жабылган.

Кыргызстанда жалпысынан үч миңдей диний уюм каттоодон өткөн, алардын арасынан  көпчүлүгү ислам багытында болсо, христиандык жайлардын саны 399, калгандары - башка диндердин өкүлдөрү. (JsA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *