Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Аялды кордогон эркек жөнүндө маалымат чогултуу сунушталды

0
Аялды кордогон эркек жөнүндө маалымат чогултуу сунушталды

Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн эркек тууралуу маалыматты каттоо органдарына жөнөтүп туруу сунушу бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү, толуктоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтылды.

Депутат Дастан Бекешев эгер ошондой маалымат каттоо органдарында болсо, кыз-келиндерге болочок жолдошун туура тандоого жардам болот эле деп эсептейт:   

“Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп жүргөн киши тууралуу аны менен кийин мамиле курууну пландаган аял билсе. Мисалы, аял же кыз күйөөгө чыгууну чечти дейли, ал болочоктогу жолдошу үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөнү тууралуу биле алмак. Мындай маалыматты ички иштер органдары каттоо жана никени каттоого алуу органдарына берип турса. Эркек буга чейин аялдарды урганы тууралуу маалыматты көрсө ал өзү үчүн тийиштүү чечим кабыл ала алмак”.

Зомбулукту алдын алуу мыйзамдарын толуктоону жана өзгөртүүнү бир топ депутат сунуштоодо. Алардын бири, депутат Динара Ашимованын айтымында, коом жана мамлекеттик органдар бул багытта туура байланышта иштеши үчүн мыйзамдар менен кодекстерди бири-бирине шайкеш келтирүү зарыл.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын 27-сентябрда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирген. Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *