Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Жалал-Абад шаарында ипотекалык үйдүн курулушу башталды

0
Жалал-Абад шаарында  ипотекалык үйдүн курулушу башталды

Бүгүн, 16-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында 639 батирден турган "Асман резиденс" ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Иш-чарага мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.  

Облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жарандарды мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Аны куруу үчүн президенттин Иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия 1,6 гектар жер аянтын бөлүп берген. Бул үйлөрдөн батирлер мамлекеттик кызматкерлерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана көп балалуу, жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4 пайыздык үстөк менен, калган тургундарга 8 пайыз үстөгү менен насыяга берилмекчи.

Ипотекалык үйлөр баштапкы төлөмү жок, 25 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда Жалал-Абад шаарында 125 миңден ашуун адам жашаса, эки миңден ашуун адам турак-жай алууга кезекте турат.(TB/ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *