18-октябрдын аба ырайы
18-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 15…20 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…8, күндүз 19…21 градус жылуу болот.