Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Мамдума биринчи окууда өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарууну жактырды

0
Мамдума биринчи окууда өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарууну жактырды

Мамлекеттик Думанын депутаттары биринчи окууда Өзөктүк сыноолорго тыюу салуу келишиминин ратификациясын артка кайтаруу чечими жөнүндө мыйзам долбоорун жактырышты.

Бул тууралуу Парламенттин төмөнкү палатасынын Телеграм-каналында жазылды.

Документ Мамдуманын кароосуна 13-октябрда киргизилген. Аны Думанын тиешелүү комитети спикер Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен иштеп чыккан.

Ратификацияны артка кайтаруу демилгесин октябрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин көтөргөн. "Валдай" клубунун жыйынында ал Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүү зарылчылыгы жок экенин, бирок "Өзөктүк сыноолорго тыюу салуу боюнча келишимдин" ратификациясын артка кайтаруу маселесин ойлонуп көрсө болорун айткан.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, ратификациянын артка кайтарылышы Москванын өзөктүк сыноо өткөрүү ниети бар экенин билдирбейт.

Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишим 1996-жылы Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 50-сессиясында кабыл алынган. Документке жетиштүү сандагы өлкөлөр кол койбогондуктан, күчүнө кирген эмес. Өзөктүк державалардан Индия, Пакистан жана Түндүк Корея келишимге кошулуудан баш тарткан. Ал эми АКШ жана Кытай кол койгону менен, ратификациялаган эмес.

Орусия эл аралык келишимди 2000-жылы 30-июнда ратификациялаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *