Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Пашинян Ереван Баку менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин билдирди

0
Пашинян Ереван Баку менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин билдирди

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Ереван жыл соңуна чейин Баку менен тынчтык келишимине кол коюп, алакасын жөндөөгө даяр экенин 17-октябрда Страсбургдагы Европа парламентинде сүйлөп жатып билдирди.

Пашинян Еревандын формалдуу өнөктөштөрү Армениянын жана Тоолуу Карабактагы армяндардын коопсуздугун камсыздоодо жардам бербегенин кошумчалады.

"Биздин союздаштар жардам бербегени аз келгенсип, Армениядагы бийликти алмаштыруу, демократиялык өкмөттү кулатуу боюнча ачык билдирүүлөрдү да жасап жатышты", - деди ал.

Пашинян Армения Евробиримдикке ыктоого даяр экенин айтты. Ал Азербайжандын жикчил Тоолуу Карабак аймагына жасаган соңку операциясын жана анын кесепетин "этникалык тазалоо" деп баалады.

Армян өкмөт башчысы миңден ашуун армян жарандарынын дайыны белгисиз экенин белгиледи.

Пашинян буга чейин "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал Еревандын ЖККУга мүчө болушу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.

Расмий Ереван Москваны Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындан кийин армян бийлигине "АКШга ишенген мамлекеттердин тагдырын эске ала жүргүлө" деп кеңеш берген.

Баку 19-сентябрда Тоолуу Карабакта антитеррордук операция баштаган. Жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берген. Эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан тартып жоюу тууралуу буйрукка кол койгон. Көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна даттанган.

Азери өкмөтү Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *