Газадагы ооруканага урулган соккудан жүздөгөн киши мүрт кетти
Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 17-октябрда шаардык ооруканага жасалган Израил армиясынын соккусунан 500дөй адамдын өмүрү кыйылды. Израил армиясы ооруканага жасалган чабуулга тиешеси жок экенин билдирип, палестин жоочуларынан көрдү.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
MedGlobal эл аралык кайрымдуулук уюмунун башчысы Захер Сахлул чабуулду медициналык мекемеге жасалган "акылга сыйбас кол салуу" деп атап, аны "аскердик кылмышка" теңеди.
Ооруканага жасалган соккуну дүйнө лидерлери дароо айыпташты. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо чабуулду "үрөй учурган жана такыр кабыл алынгыс" деп мүнөздөдү.
Египет, Иорданиянын лидерлери айыптаган билдирүүлөрдү жасашты. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган "Газадагы зулумдукту токтотууга" чакырды.
Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адам жараат алды.
Экстремисттик топ канча адамды барымтага алганы белгисиз. ХАМАСтын жетекчилиги 200дөй киши туткунда экенин билдирсе, Израил бийлиги 150дөн ашуун экенин айтууда. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени тууралуу так маалымат жок.
Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.