Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Газа ооруканасындагы каргашадан кийин бир катар мамлекеттерде нааразылык акциялары өттү

0
Газа ооруканасындагы каргашадан кийин бир катар мамлекеттерде нааразылык акциялары өттү

Газа тилкесиндеги ооруканада жүздөгөн адамдын өмүрүн алган 17-октябрдын кечиндеги каргашадан кийин Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде ири нааразылык акциялары тутанды.

Окуя үчүн ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израил армиясын күнөөлөдү. ЦАХАЛ дооматтарды четке кагып, аны “Ислам жихады” радикал уюмунан көрдү.

Ливанда жүздөгөн демонстранттар Израил менен Америкага каршы ураан чакырып жатышты. Алар АКШ элчилигинин жанындагы имаратты өрттөп салышты. Полиция жаалданган топту таркатуу үчүн жаш чыгарчу газ чачты. Акциянын катышуучулары Франциянын элчилигине дагы таш ыргытты.

АКШ Мамдепартаменти америкалыктарга Ливанга барбай турууну эскертти. Иорданияда миңдеген демонстранттар Израилдин элчилигине кирип барууга аракет кылды. Алар дипломатиялык мекеменин жабылышын жана Израил менен тынчтык келишиминин токтотулушун талап кылууда. Ал жакта да полиция демонстранттарды таркатуу үчүн жаш чыгарчу газ колдонду.

Иранда жүздөгөн кишилер Британия менен Франция элчиликтеринин алдына топтолуп, жумуртка ыргытышты. Миңдеген адам Палестина атындагы аянтка чыкты.

Ливияда акциянын катышуучулары Газанын тургундарын колдогон ураандарды чакырып жатты. Ушундай эле демонстрациялар Ирак, Сирия, Тунис, Йемен жана Мароккодо өткөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Түркияда палестиндерди колдогон акциялар өттү. Демонстранттар Израилдин Башкы консулдугунун имаратын фейерверктер менен аткылап, израил элчисин өлкөдөн кууп чыгууну талап кылды.

Палестиндерди колдоо демонстрациясы Германияда дагы өттү. 18-октябрда Берлиндеги жөөттөрдүн көрүстөнүнө белгисиз адамдар күйүүчү май куюлган эки бөтөлкөнү ыргытып жиберген. Андан жабыркагандар жок.

Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адам жараат алды.

Экстремисттик топ эки жүзгө чукул кишини барымтага алган. Арасында чет элдиктер дагы бар.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 3 миңге, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *