Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Египет Газадан качкандарды кабыл алуудан расмий баш тартты

0
Египет Газадан качкандарды кабыл алуудан расмий баш тартты

18-октябрда Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси анын өлкөсү Газа тилкесинен мажбурлап чыгарылган палестин качкындарын кабыл албай турганын расмий жарыялады. Мындай билдирүүнү ал Германиянын канцлери Олаф Шольц менен чогуу курган маалымат жыйынында жасады. Ас-Сисинин эсебинде качкындар менен бирге Египетке радикал исламчылар да кирип кетиши мүмкүн. Ал качкындарды Израилдин түштүгүндөгү Негев чөлүнө жайгаштырууну сунуштады.

Ас-Сиси ошондой эле Газадан качкандарды кабыл алса, ага каршы миңдеген египеттиктер көчөгө чыгарын жүйө кылды. Андан тышкары Египетке караштуу Синай жарым аралы «Израилге чабуул коё турган жаңы базага» айланат деген кооптонуу бар экенин айтты.

Газа тилкеси Израил менен Египеттин ортосунда жайгашкан. Израил армиясы 13-октябрда Газанын түндүгүндө жашагандарга түштүккө, Египеттин чек арасына жакын аймакка жер которууну эскерткен. Азыр ал жакта 600 миңдей качкын топтолуп турат.

ХАМАСтын чабуулунан кийин Израил аскердик операциясын баштаганда Египет менен чек арадагы Рафах өткөрмө бекети боюнча эки ача маалымат тараган. Египеттин медиа каражаттары 9-10-октябрдагы жөөт армиясынын үч соккусунан кийин чек ара бекети жабылганын жазышкан. 

12-октябрда Каир Рафах өткөрмө бекетине чукул аймакта аба соккуларын токтотууну өтүнүп, Тел-Авивге кайрылган. 

Газа тилкесинде үч өткөрмө пункт бар: Рафахты египеттик чек арачылар менен ХАМАС көзөмөлдөсө, Израил менен чек арада Эрез жана түндүктө Керем Шалом бекети турат. Учурда эки бекет толук жабык.

Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адам жараат алды.

Экстремисттик топ эки жүзгө чукул кишини барымтага алган. Арасында чет элдиктер дагы бар.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 3 миңге, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *