Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

УКМК кылмыштуу жол менен алынган мүлктөр аныкталганын айтты

0
УКМК кылмыштуу жол менен алынган мүлктөр аныкталганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кримтөбөл деп айтылып келген Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата “кылмыштуу кирешелерди адалдоо” фактысы боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө дагы бир нече мүлк аныкталганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 19-октябрда тараткан маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө:

"Илбирс-Саадат" эс алуу борборундагы коттедж;

 Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;

"Коста Браво" эс алуу борборундагы коттедж;

"Бурана Резорт" эс алуу борбору кылмыштуу жол менен алынган деп табылган.

Коопсуздук кызматы кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланып жатканын билдирди.

Атайын кызмат буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер кармалганы да кабарланган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган. 9-октябрда УКМК кошумча маалымат таратып, Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Мекеме 2008-жылдан бери Көлбаев “криминалдык империя” түзүп келгенин, кармалган адамдар анын жетекчилиги менен опузалоо жана рейдерлик аркылуу мүлк жана активдерди мыйзамдаштырып, башка да кылмыштарды жасап келгенин, мыйзамсыз баюу жана саясатка кийлигишүү болгонун, ал таза иштеген ишкерлердин эсебинен өзүнө караштуу бизнес-структураларды түзүп жүргөнүн маалымдаган.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *