Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жүрө алат

0
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жүрө алат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) быйыл 10-октябрда чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүү тартиби жөнүндө Жобо бекиткен. Башкы дипломатиялык мекеме бүгүн, 19-октябрда маалымат таратып, бул жобо Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандарына да тиешелүү экенин эскертти.

Ага ылайык, уюмга мүчө мамлекеттердин жарандары өлкөгө кирген күндөн тартып ар бир 180 күндүк мезгил ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө уруксат документтерисиз Кыргызстанда жүрө алат. Андан ашык мөөнөттө жүрүү үчүн чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга келген максатына (үй-бүлөсү менен биригүү, окуу, иштөө ж.б.) жараша өлкөдө жүрүүгө укук берүүчү документтерди тариздөө үчүн тиешелүү мекемелерге кайрылышы керек.

Мындай документтерге: жашаган жери боюнча каттоо, жашап турууга уруксат, убактылуу жашоого уруксат, ошондой эле "Кайрылман" же "Мекен-карт" статусу кирет.

ТИМ ЕАЭБге мүчө - Армения, Беларус, Казакстан, Орусиядан тышкары Тажикстан, Грузия, Азербайжан жана Молдованын жарандары алты айлык мөөнөткө каттала алышарын эскерткен.

"Чет өлкөлүк жарандардын жашы жете элек балдарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо алардын ата-энелерин, камкорчуларын жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир убакта жүзөгө ашырылат. Тиешелүү документтерди тариздөө боюнча чет элдик жарандар калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же 119 телефону аркылуу кайрылууга болот" деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдан бери толук кандуу мүчө.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *