Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

ХАМАС барымтадагы эки адамды коё берди

0
ХАМАС барымтадагы эки адамды коё берди

Газа тилкесиндеги ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин туткунга алган адамдардын экөөнү - Жудит менен анын кызы Натали Раанан бошотулганын билдирди. Алар АКШнын жарандары. ХАМАС билдирүүсүндө бул АКШнын президенти Жо Байден менен анын администрациясынын дооматтары “негизсиз экенин америкалыктарга жана дүйнөгө далилдөө үчүн” жасалганы айтылат.

Израилдин бийлиги Би-Би-Сиге 7-октябрда Нахаль Оз шаарында туткунга алынган америкалык эки аял бошотулганын ырастады. Маалыматты өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги да тастыктады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси ушул тапта 200гө жакын адам ХАМАСтын согушкерлеринин барымтасында турганын билдирди.

АКШ президенти Жо Байден барымтадагы америкалыктардын бошотулушун кубаттады. Ал Катар менен Израилдин өкмөттөрүнө туткундагыларды бошотуу үчүн биргелешип иштешкени үчүн ыраазычылык билдирип, башка да америкалыктарды бошотуу аракети жүрүп жатканын айтты.

ЦАХАЛ 7-октябрда ХАМАСтын чабуулунда согушкерлер барымтага алып кеткендер тууралуу жаңы маалыматтарды берген. Туткундагы 203 кишинин арасында: 18ге чыга элек 20 бала, өспүрүм бар. Жашы 60тан өткөн 10-20 киши отурат. Барымтагылардын басымдуусу тирүү экени кабарланган.

ХАМАСтын согушкерлери аларды Газанын туннелдери менен атайын казылган ороолордо кармап отурат.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз.

Израил андан бери палестиндер байырлаган Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 адам каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин маалымдады. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *