Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Бишкекте Газанын тургундарын колдоо акциясы өттү

0

21-октябрда 100дөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү.

Алар “Согушка жол жок” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгып, Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүштү. Акция өтүп жаткан жерге милиция кызматкерлери келип, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, коопсуздукту көзөмөлдөп турушту.

Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүү демилгесин 18-октябрда Жогорку Кеңеште да бир нече депутат сунуштаган.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз.

Израил андан бери палестиндер байырлаган Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 адам каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин кабарлады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырган.(KS/BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *