Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Иран Өзбекстан менен визасыз режим киргизүүнү көздөп жатат

0
Иран Өзбекстан менен визасыз режим киргизүүнү көздөп жатат

Иран Өзбекстандын жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү максат кылат. Бул тууралуу Tehran Times жазды.

18-октябрда Өзбекстандын экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча министри Азиз Абдухакимов менен Ирандын туризм министри Эзатолла Заргами Самаркандда жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Анда Ирандын туризм министри өлкөлөр арасында визасыз режим киргизүүнү сунуштады.

"Мен Бухарага барганда эки элдин канчалык жакын экенин сездим. Биз өзбекстандык туристтердин Иранга келишин кубаттайбыз, ошол эле учурда ирандык туристтер да Өзбекстанга баа бериши керек", - деди ал.

Заргами туризмди эки тараптан өнүктүрүү үчүн саякатка басым жасоо зарылдыгын белгиледи. Бул үчүн Түркмөнстанды да кызматташууга тартууга туура келет.

Өзбекстандык министр Азиз Абдухакимов жолугушууда талкууланган маселе келечекте "жакшы жыйынтык көрсөтөрүнө" үмүт артарын айтты.

18-19-октябрда Самарканд шаарында Дүйнөлүк туризм уюмунун Башкы ассамблеясынын 25-сессиясы өттү.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *