Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

"Социалдык келишим" боюнча мыкты иштегендерге үстөксүз насыя берилет

0

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сом алып, ишкерлигин мыкты жүргүзүп кете алган үй-бүлөлөргө 200 миң сомго чейинки көлөмдө үстөк пайызсыз насыялар берилет. Алардын насыялык тарыхы да таза болууга тийиш. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен "Азаттыкка" билдиришти.

2022-жылы аз камсыз болгон 2800 үй-бүлө өкмөт менен социалдык келишим түзүп, 100 миң сомдон алышкан. Министрлик алардын 99,6% ийгиликтүү иштеп кеткенин билдирген.

2023-жылы мындай келишим менен 100 миң сом алган үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңден ашты.

Министрлер кабинети 2024-жылы "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында аз камсыз болгон 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүүнү көздөп жатат.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, келишимдин алкагында келерки жылы берилүүчү акча 100 миң сом боюнча калат.

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү акчанын көлөмүн көбөйтүү маселесин 20-октябрда республикалык бюджет талкууланып жатканда Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүштү. Алардын суроосуна жооп берип жатып, финансы министри Алмаз Бакетаев бул маселе каралып жатканын билдирген. Ал 2024-жылга 2,1 млрд сом каралганын кошумчалаган.

"Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылып жатат.

Долбоордун катышуучусу "үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай бою жөлөк пул берүү токтотулат. Анын ордуна 100 миң сомдук сертификат берилет. Акчаны алгандар аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алуу үчүн өтүнмө берүүгө укуктуу.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *