Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Бишкекте бир суткада 29 айдоочу мас болуп кармалды

0
Бишкекте бир суткада 29 айдоочу мас болуп кармалды

Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Кайгуул кызматы 22-октябрга караган түнү борбор калаада "Бахус" атуу операциянын алкагында рейд жүргүздү. Натыйжада жол кыймылынын эрежелерин бузган 766 айдоочу кармалып, протокол түзүлдү.

Булардын ичинен 29 адам мас абылында, 19 адам айдоочулук күбөлүгү жана документи жок машине башкарып жүргөнү үчүн кармалышты.

"Бахус" рейдинин негизги максаты түн ичинде мас абалында рулга отургандарды аныктоого багытталган.

Рейддин натыйжасында 124 автоунаа айып жайына киргизилди.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жыл башынан берки тогуз айдын жыйынтыгында мас абалында унаа айдаган айдоочулардын саны былтыркы тогуз айга караганда 13% азайганын билдирген.

Кыргызстанда быйыл 8-марттан тартып айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Анын ичинен мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Айдоочулук күбөлүгү жок машине айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Жол эрежесин үч жолу кайталап бузган бир катар айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Катаалдаган эрежелердин алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн төлөнүүчү айып пулдар да көбөйгөн. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *