Израил Газага сокку урууну "күчөтө" баштады, аймакка гумжардам кирди
Израилдин армиясы Газа тилкесинде ХАМАС радикал тобуна каршы жерде жүргүзө турган операциянын алдында аба соккуларын катуулатып, элге коопсуз тарапка кетүүнү эскертти. Жердеги операция качан башталары так белгисиз. Толук блокадада калган Газадагы карапайым калкка биринчи жолу гуманитардык жардам ишембиде жетти.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тынчсыздануу жаратууда. Пентагондун билдирүүсүндө, Иран союздаштары менен аймакта «эскалацияны» күчөтүүгө аракеттенип жатканы белгиленген.
Израил армиясы – ЦАХАЛ Газанын тургундарына асмандан баракчаларды таратып, карапайым элге коопсуз тарапка кетүүнү эскертти. Жөөт армиясы Газада аба соккуларын баштагандан бери бир миллиондой киши үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.
«Аlhurra» телеканалынын палестиналык журналисти Висам Ясин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна телефондон жериндеги кырдаалды айтып берди.
"Түндүк райондордо жана Газа шаарында жарым миллиондой киши өз үйлөрүндө калды. Алардын айрымдарынын чыгып кетүүгө чама-чаркы жок болсо, башкалары Израил армиясынын буйругуна баш ийгиси келбейт", - дейт палестиналык журналист.
Ясин блокадада турган Газа электр жарыгысыз калганын да айтты. Газа тилкеси электр энергиясынын 60% Израилден алчу. Анклавдын өзүндө бир гана электр станциясы бар, ал аймактын баарына жарык бере албайт.
Жөөт армиясынын жердеги операциясы качан башталары так белгисиз. Буга чейин ХАМАСтын барымтасындагы туткундарды бошотуу үчүн АКШнын өтүнүчү менен операция кечеңдегени айтылган.
Ишембинин кечинде ХАМАС дагы эки кишини барымтадан бошотолу деген сунушун Израил четке какканын билдирди. Радикал топ бул үчүн кандай шарт койгону белгисиз. Ага чейин туткундагы эки америкалык аял эч кандай шартсыз кое берилгени кабарланган.
Жекшембиде Израилдин полициясы менен ЦАХАЛ билдиргендей, эки апта мурун ХАМАСтын чабуулдарында набыт болгон 1075 сөөктүн тек-жайы аныкталды. Алардын 769у карапайым жаран болсо 307си аскерлер. Дагы 200 сөөктүн тек-жайы аныктала элек.
ЦАХАЛдын өкүлү ХАМАСтын согушкерлери 212 кишини барымтада кармап отурганын билдирди. Дагы 200дөй киши дайынсыз же тагдыры белгисиз экенин кошумчалады.
ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Даниэл Хагари ишембидеги жыйында Израил аймакта аба соккуларын "көбөйтөрүн" айтты.
"Газада биз сокку уруп жаткан ар бир имаратты ХАМАС пайдаланууда" деген жөөт армиясынын өкүлү аймакта туш келди талкалоого жол берилбестигин да белгиледи.
Гуманитардык кербен
Гуманитардык жардам: тамак-аш, суу жана дары-дармек жүктөгөн биринчи автокербен Египеттин Рафах өткөрмө бекети аркылуу Газа тилкесине ишембиде кирди. Бирок жүккө күйүүчү май кошулган жок.
"Бүгүн жардам жүктөгөн 20 машине чек арадан өттү. Алар жашоого өтө зарыл болгон нерселерди жеткирет. Дүйнөлүк азык-түлүк программасына тиешелүү үч машине адам өмүрүн сактап калуу үчүн тамак-аш алып баратат. Баарына зар болуп турган миллиондогон кишиге такай тамак-аш жеткирүү үчүн гуманитардык кербен чек арадан коопсуз жана токтоосуз өтүшү керек", - деди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Синди Маккейн.
Улуттар Уюму жардам жүктөп кирген 20 машине «деңизге тамган тамчыдай» деп, блокадада калган аймакта кырдаал апаатка айланып жатканын билдирген.
Жекшембиде Газага жардам ташыган экинчи кербен кирери айтылган.
ХАМАС гумжардам жеткирген бир кербен Газадагы кыйын кырдаалды өзгөртө албай турганын белгилеп, чек арадан 24 саат бою токтоосуз жүк өткөрүүгө коридор ачууга чакырды.
Газанын саламаттык сактоо мекемеси ооруканаларда күйүүчү майдын запасы кооптуу чекке жеткенин эскертти. Мекеме эл аралык коомчулуктан күйүүчү май жана дары-дармек жиберүүнү суранды.
7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, бир топ кишини барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматында согуш башталганы 4 миңден ашуун киши набыт болуп, жараат алгандар 15 миңдей экени айтылды.
Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал
Соңку маалыматтарга караганда, жөөт аскерлери Иордан дарыясынын Батыш жээгинде турган Жениндеги «террордук комплекс» делген жерди бомбалады. Ал жердеги мечитте ХАМАС радикал тобунун бөлүгү бардыгы айтылат.
Мурдарак Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттиги Батыш жээкте жөөт коопсуздук күчтөрүнүн операциясында Нур Шамс качкындар лагеринде 13 киши өлгөнүн билдирген.
Израилдин армиясы Батыш Жээктеги кырдаалда эмне болуп жатканы тууралуу айта эле. Бирок ЦАХАЛдын өкүлдөрү эскерткендей, «Хезболла» Израил менен Ливандын чек арасында жаңжалды андан ары жайылтуу үчүн «өтө кооптуу оюн» жүргүзүүдө. «Хезболла» уюму ХАМАС сыятуу эле Батыштын өлкөлөрүндө террордук уюмдарга кошулган.
Пентагон Жакынкы Чыгышта Ирандын союздаштары менен кырдаалды эскалациялоонун соңку аракетинен кийин кошумча америкалык күчтөр тартылууга даяр турганын билдирди.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Жакынкы Чыгышта ракетага каршы THAAD комплексин жана кошумча зениттик-ракеталык Patriot комплекстерин жайгаштырууга буйрук берди. Бул тууралуу Пентагондун 21-октябрдагы билдирүүсүндө жазылган.
Мындан сырткары америкалык аскерлердин кошумча күчтөрү «күтүлбөгөн кырдаал» болуп кетсе аймакка жөнөп кетүү үчүн атайын даярдыкта турат.
Ушул тапта дүйнөнүн ар тарабында Газадагы кырдаалга тынчсыздангандар акцияларга чыгууда. Ишембиде андай иш-чара Бишкекте дагы өттү.