Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Газа: Израил жердеги операцияны токтотуу үчүн шарттарын жарыялады

0
Газа: Израил жердеги операцияны токтотуу үчүн шарттарын жарыялады

Израил армиясынын Газа тилкесине жердеги аскердик операциясы ХАМАС радикал тобунун согушкерлери барымтадагыларды бошотуп, куралын таштаса гана башталбайт. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу армиясынын расмий өкүлү Жонатан Конрикус австралиялык ABC телеканалына курган маегинде айтты.

“Эгер ХАМАС карапайым тургундарды калкан катары колдонуп, жашырынган жерлеринен чыгып, барымтадагы жарандарыбызды кайтарып, эч кандай шартсыз багынып берсе, согуш токтойт”,-деди Конрикус.

Анын айтымында, бул согуштун максаты - ХАМАСты түп тамырынан бери жок кылып, 7-октябрда болгон окуяны кайра кайталанышына жол бербөө.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант билдиргендей, ХАМАСка каршы аскердик кампания "бир, эки, үч айга чейин" уланып, радикал топту жер менен жексен кылуу менен аяктайт.

Израил армиясынын жердеги операциясы качан башталары азырынча белгисиз.

Соңку бир суткада Израил армиясы Газадагы 320 аскердик жайга сокку урганын билдирди.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Ички иштер министрлиги белгилегендей, Израил армиясынын түнкү соккуларынан көп сандагы карапайым тургундардын өмүрү кыйылды. Так саны канча экени белгисиз.

Газанын бийлиги Израил армиясынын соккуларынан мүрт кеткендердин жалпы саны 4600гө чукулдаганын билдирип жатат. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, 212 адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *