Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Красноярск: аварияда мерт болгон кыргыз жаранынын сөөгү Ошко жеткирилет

0
Красноярск: аварияда мерт болгон кыргыз жаранынын сөөгү Ошко жеткирилет

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетининин жыйынында депутат Айбек Осмонов Орусиянын Красноярск шаарында ири жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандык жарандын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселе көтөрдү. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 21-октябрда Краясноярск-Абакан жолундагы ири кырсыкты мерт болгон төрт адамдын бири кыргызстандык жаран болгонун, маркумдун сөөгү 24-октябрда Ошко жеткирилерин билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл алты айда чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алынып келгенин кабарлаган.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, былтыр жалпысынан чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп жеткирилген.

“Жүк-200” алып келүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет.

Буга чейин чет жакта каза болгон мигранттардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекеттен жардам акчаны алуудагы бюрократия маселеси орчундуу болуп жатканы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дагы көтөрүлгөн.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. Акыркы 30 жыл ичинде 650 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *