Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Тенгиз Бөлтүрүктүн иши тергелип бүтүп, сотко өттү

0
Тенгиз Бөлтүрүктүн иши тергелип бүтүп, сотко өттү

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Ага козголгон кылмыш иши боюнча материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөнүн мекеменин басма сөз кызматы 23-октябрда “Азаттыкка” билдирди.

Азырынча жараяндын күнү белгилене элек.

Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган.

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча отчетунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердиги ийне-жибине чейин эсептеп жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 млн. 45 миң сом короп, бул боюнча отчет берилбегенин айтышкан.

Маалыматка караганда, эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган.

Бөлтүрүк камалгандан кийин "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жоюлган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 30-апрелде аны прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *