Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт

0
Бишкекте мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт

Бишкек шаарында 25-27-октябрь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт.

Ошондой эле Кытайдын премьер-министри Ли Цян мамлекеттик сапар менен, ал эми монгол өкмөт башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жумушчу сапар менен келет.

Бул иш-чараларга байланыштуу шаардагы мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт. Ошондой эле бул күндөрү Бишкектин айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат.

Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары 23-октябрда башталып, 25-октябрда аяктайт.

Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цяндын мамлекеттик сапары 24-25-октябрь күндөрү болот.

Сапарлардын алкагында кыргыз бийлигинин башчылары менен жолугушуулар өтүп, бир катар документтерге кол коюлат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *