Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Ыш, көмүр, тамак-аш. Өпкө оорулары эмнеге көп?

0
Ыш, көмүр, тамак-аш. Өпкө оорулары эмнеге көп?

Бишкекте дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча кезектеги улуттук конгресси өттү. Он жылдан ашык убакыттан бери такай өтүп келе жаткан иш-чарага Европа өлкөлөрүнөн келген адистер  катышты. Анда өпкө ооруларына абанын булганышынын таасири тууралуу изилдөөлөр көрсөтүлүп, Кыргызстандагы жагдай тууралуу сөз болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан Борбор Азия жана Европа аймагында өпкө ооруларынан каза тапкандар көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда турат. 2022-жылдагы статистика боюнча өлкөдө өпкө оорусуна чалдыккан бейтаптардын саны 600 миңден ашкан.

Үй ичинде от жагуунун зыяндуулугу жогору

Улуттук конгрессте нидерланддык окумуштуу Онно ван Шайк бөлмө ичиндеги абанын булганышы, үй ичинде от жагып, жылытуудан чыккан зыяндуу заттар тууралуу баяндама жасады. Ал Индияда жүргүзгөн изилдөөлөрүн мисал келтирди:

"Индиядагы абал Кыргызстанда деле бар. Мен презентацияда көрсөткөндөй, үйдүн ичине от жагып, тамак жасап же жылытканда, андан чыккан зыяндуу заттар оорулардын негизги себеби болот. Бирок көпчүлүк буга маани бербейт. Ошондуктан мен тамакты электр мештерине жасоону сунуштайт элем. Андан сырткары үйдү жылыткан мештерди сыртка чыгаруу керек".

Изилдөөчүнүн айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы жыйырма жыл ичинде 295 өлкөдө изилдөө жүргүзгөн. Ушу аралыкта өпкө илдеттерине байланыштуу 9 миллион адам каза болгон, анын 7 миллиону абанын булганышынан көз жумган .

Көмүрдүн таасири

Франциялык адис Седрик Элишер өпкө ооруларына абанын булганышы, өзгөчө көмүрдүн терс таасир этери тууралуу өз тыянактарын бөлүштү:

"Мурда Францияда металл өндүргөн ишкана же көмүр шахталар иштеген учурда ошол аймакта жашаган тургундар арасында өпкө оорулары күчөп кеткен. Кийин аларды жапканда оорулуулар азайган. Азыр Бишкекте дагы жылуулук электр борбору көмүр менен иштейт экен, бул адамдар үчүн аябай зыян. Көмүрдөн бөлүнгөн заттарды ылгоо да аябай кыйын. Ошон үчүн күндүн энергиясы менен жылый турган системага өтүүнү сунуштайт элем".

Ушу тапта Кыргызстанда күн суук боло баштады. Алдыда кайрадан ыш көйгөйү күн тартибине чыгат. Өзгөчө баш калаа Бишкекте жылытуу сезону башталганы, шаарды ыш, кара түтүн каптайт. Адистер буга жылытуу көмүр менен болгону, машинанын көптүгү, көмүр жаккан жеке менчик үйлөрдүн көптүгү сыяктуу бир нече себептерди айтып келет.

Финляндиянын метеорологиялык институту Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП - ПРООН) жана БУУнун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) үчүн жасаган изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы көмүрдүн жагылышы экени көрсөтүлгөн.

Бир жылда 600 миңден ашык адам ооруга чалдыкты

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылы республикада дем алуу органдарынын оорулары  600 миңден ашык бейтап катталган жана өпкөнүн өнөкөт ооруларынын оор түрлөрү менен ооругандардын болжолдуу саны 200 миң адамдан ашат.

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун бөлүм башчысы Динара Усупбаева өпкө оорулары өөрчүп кеткен учурда жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келген учурлар арбын экенин белгиледи:

"Бизде эмнеге өпкө оорулары көп? Анткени бийик тоолуу аймакта жашайбыз, ошол себептен өпкө артериясынын басымы жогорулап турат. Бул жүрөк ооруларына алып келет. Албетте, мунун факторлору көп, биз алар менен күрөшүп келебиз. Жүрөк-кан тамыр ооруларына тамеки чегүү, ашыкча салмак, артериялык гипертензия, кант диабети алып келет. Мындан сырткары бул кандай тамактанганыбыздан да көз каранды. Эгер биз жаныбарлардын майын көп жей турган болсок, бул организмде холестеринди көбөйтөт. Ошон үчүн дени сак жашоого, диета кармоого умтулушубуз керек”.

"Калктын 21% чылым чегет"

Кыргызстандык пульмонолог Айжамал Табышева өпкө оорусуна чалдыккандардын үчтөн бирин чылым чеккендер түзөрүн белгилеп, бул жагдайды дагы унутта калтырбоо керек дейт:

"Атлас Глобал жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2021-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстан жарандарынын 21% тамеки чегери айтылган. Бул сан чоң көйгөйгө алып келүүдө. Ал эми "Степс" жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2013-жылдагы изилдөөсүндө айтылгандай, Кыргызстанда тамеки чеккендердин 43% эркектер, 3% жакыны аялдар. Бул көрсөткүчтөр азыр аябай эле өстү. Жогорудагы уюмдар быйыл дагы изилдөө жүргүзүп жатат".

Чылым дагы кошул-ташыл болуп, экинчи жагынан ири шаарлардагы абанын кирдеши саламаттыкка, айрыкча балдардын ден соолугуна чоң кеспетин тийгизген коркунучтардын бири болуп калууда дейт адистер.

ЮНИСЕФ "Бишкектеги аялдар менен балдардын ден соолугу менен социалдык жашоосуна булганыч абанын тийгизген таасири" аттуу изилдөө чыгарып, анда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Бишкекте ыш 112 өлүмгө себеп болуп, шаардыктар 2 миллиард сом материалдык чыгым тарткан деген тыянак чыгарган.

Өлкө бийлиги мунун чечүүнүн бир катар жолдорун сунуштап келет. Бирок анын баары каржыга барып такалат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *