Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Ферганада чек арачылар аткан октон жергиликтүү эки тургун каза болду

0

Өзбекстанда чек арачылар жаңжал учурунда эки жергиликтүү тургунду атып салышты. Маркумдардын жакындары ок чыгаргандар кызматынан аша пайдаланган деп, аларды жоопко тартууну талап кылууда. Бул тууралуу 23-октябрда "Озодлик" радиосу жазды.

Окуя 16-октябрда Кыргызстан менен чек арага жакын жердеги «Бустон» айылында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү үч киши коноктон кайтып келатканда, чек арачылар алар аткезчилик товарды алып баратат деп шек санап токтоткон.

Натыйжада чек арачылар ок ачканда Абдулхай Мукаддасов деген тургун жана Отабек Юлдашев набыт болгон. Атасы Юлдашев ал жерге капысынан барып калганын айткан.

Өзбекстандын Чек ара кызматы кабарлагандай, сөз болгон жашоочулардын машинасын токтотууга «мыйзамсыз товарлардын алынып келиши» негиз берген.

«Кармалгандар жана ондогон шериктери мас абалында аскерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көргөзгөн жана күч колдонгон. Натыйжада жоокерлер жарадар болгон. Алар эскертүү иретинде асманга атканда, эки киши токтоп калган жок. Чек арачылар курал колдонгондо, алар жеринде мүрт кетти», - деп жазган Чек ара кызматы иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Маркумдардын жакындары окуя болгон жерде тартылган видеодо контрабандалык делген товарлар көргөзүлгөн жок деп айтышат. Андан тышкары чек арачылар кармалгандарга ок аткан кадрлар да атайлап кесилген деп эсептешет.

"Озодлик" жазгандай, аткезчилик жол менен ташылган деп айтылган товарларды күбөлөр тарткан тасмалардан да көрүү мүмкүн эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *