Улуттук банк валюта базарында абал туруктуу экенин билдирди
Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева 24-октябрда маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга, ага таасир эткен ички, тышкы факторлорго байкоо салып турат. Ал акыркы учурда долларга карата талап өсүп жатканын, бул сезондук көрүнүш экенин айтты.
Улуттук банк валюта курсунун кескин өзгөрүүсүн алдын алуу үчүн чараларды көрө турганын кошумчалады.
Мекеме доллардын кымбатташына байланыштуу октябрь айында эки ирет интервенция жасап, 92 млн 690 миң долларды сатыкка чыгарды.
Расмий маалыматка караганда, бир доллардын баасы соңку үч күндөн бери 89,32 сом болуп турат.