Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Иранда хижаб үчүн кармалган Армита Гераванддын "мээси өлгөнү" кабарланды

0
Иранда хижаб үчүн кармалган Армита Гераванддын

Тегеранда хижаб кийүү эрежесин бузган деп адеп-ахлак полициясы кармагандан кийин комага түшкөн 16 жаштагы Армита Гераванддын "мээси өлгөнүн" ирандык медиага шилтеме менен АКШнын CNN телеканалы маалымдады.

Tasnim кабар агенттиги Гераванд жаткан оорукананын дарыгерлери өспүрүмдүн өмүрүн сактап калууга аракеттеништи, бирок "анын мээси өлгөнүн аныкташты" деп жазды.

Ирандагы укук коргоочулар кызды быйыл 1-октябрда Тегеранда метро станциясынын жанынан хижабсыз жүрөт деп кармап кетишкенин билдиришкен.

Hengaw уюмунун маалыматына караганда, полиция Геравандга кол көтөргөндө оор жараат алып, комага түшкөн. Укук коргоочулардын ооруканадагы булактары айтып бергендей, клиникада кызды коопсуздук органдарынын кызматкерлери кайтарган.

Ирандын бийлиги полициянын күч колдонгонун четке кагып, Гераванд эс учун жоготуп жыгылганын билдирген. Мамлекеттик маалымат каражаттары көргөзгөн интервьюда өспүрүмдүн ата-энеси ушул эле ойду кайталашкан. Бирок энеси күмөн санаганын айткан. Укук коргоочулар аларга кысым болгон деп эсептешет.

Өткөн жылдын сентябрында Иранда студент кыз Махса Амини полиция хижаб эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапкан. Ошондон кийин Ислам жумуриятында ири нааразылык акциялар тутанган. Адеп-ахлак полициясы он айдай текшерүүлөрүн токтотуп койгон. Быйыл июлда наарызылыкка чыккандардын толкуну кайра каптады.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *