Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

БУУ Газа тилкеси үзгүлтүксүз гумжардамга муктаж экенин билдирди

0
БУУ Газа тилкеси үзгүлтүксүз гумжардамга муктаж экенин билдирди

Үч жумадан бери Израил ХАМАС радикал тобуна жооп катары уруп жаткан соккулардан кийин Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесине “үзгүлтүксүз” жардам көрсөтүү зарыл экенин билдирди.

Уюмдун палестин качкындарынын иши боюнча башкармалыгынын башкы комиссары Филипп Лазарини азырынча көрсөтүлүп жаткан жардамды “күкүмгө” салыштырып, Газа тилкесине "көлөмдүү жана тынымсыз жардам көрсөтүү" керек экенин 27-октябрда белгиледи.

“Биз бул жакта сүйлөп жатканда, Газада кишилер өлүп жатат. Алар бир гана бомбалардан жана башаламандыктардан эмес, көбү Газанын блокадага алынганынан улам каза таап жатат. Дары-дармек жетишпейт, суу, тамак-аш түгөнүп баратат. Көчөлөр акыр-чикирге толо баштады. Газа тилкесинде ар кандай оорулардын жайылуу коркунучу күч”, - деди Филипп Лазарини.

Буга чейин Египеттин аймагынан Рафах өткөрмө бекети аркылуу гуманитардык жардам жүктөлгөн 74 машине киргени маалым болгон.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткен 7 миңден көп кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады.

ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *