Махачкала: антисемиттик акцияда миңдей киши аэропортту басып алды
![Махачкала: антисемиттик акцияда миңдей киши аэропортту басып алды](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-a974-08dbd8cbc664_w800_h450.jpg)
29-октябрда антисемиттик нааразылык акциясына чыккан миңге жакын адам Тель-Авивден учак каттамы келер алдында Махачкала аэропортун басып алды. Бул тууралуу "Кавказ. Реалии" басылмасы жазды. Чогулгандар Израилге каршы нааразылык билдирип, жөөттөрдүн аймактан чыгарылышын талап кылышкан.
Бул Чеченстандагы согуштан кийин орус бийликтери бир канча убакытка ири шаарлардын бириндеги аэропортту толугу менен көзөмөлдөн чыгарган биринчи учур. Аэропорт каттамдардын учуп-конушуна жабылып, шаарга келген учактар башка аймактарга жөнөтүлдү.
Flight Radar 24 сайтындагы маалыматтарга караганда, Red Wings авиакомпаниясынын Тель-Авивден учкан учагы аба майданына жергиликтүү саат боюнча 7:17де келип конгон. "База" басылмасынын билдиришинче, ал жерге ОМОН кызматкерлери келгени менен демонстранттарды токтото алган эмес. Тургундар аэропорттон чыгып жатканда жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүүгө аракет кылышкан. Жаалданган топ жөөттөрдү издөө үчүн ОМОНдордун машиналарын дагы тинтишкенин "Сота" жазды.
Окуя болгон жерде тартылган видео жана сүрөттөр бийлик абалды көзөмөлдөбөгөнүн көрсөтүүдө. Кечки саат 9дар чамасында демонстранттар учуп-конуу тилкесине чыгып, учуп келген учакка кирүүгө аракет кылышкан. Видеодон ОМОНдун ок аткан үндөрү да угулган.
Бийлик өкүлдөрү аба майданды басып алган окуя боюнча бир канча убакыт комментарий беришкен жок. Red Wings авиакомпаниясынын борту келип конгондон үч сааттан кийин Дагестан боюнча Тергөө комитети "массалык башаламандык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Полиция видеокөзөмөлдөр аркылуу бардык катышуучуларды табууга убада берди.
Израил өкмөтүнүн аппараты, Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кеңеши биргелешип билдируү жасап, Дагестандагы абалга байкоо салып жатышканын билдиришкен. "Израил Орусиянын укук коргоо органдарынан Израилдин бардык жарандарынын жана жөөттөрдүн коопсуздугун коргошун жана аларга каршы багытталган тополоңдорго, жапайы чагымдарга каршы чечкиндүү чара көрүшүн күтөт", - деп айтылат билдирүүдө.
22:00гө жакын бийлик аэропорт көзөмөлгө алынганын билдирди. Андан көп өтпөй ОМОНдор менен демонстранттар ортосунда кагылышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарады.
Дагестандын Саламаттык сактоо министрлиги Махачкаладагы аба майданда бери дегенде 20дай киши жараат алганын, алардын арасында күч органдарынын кызматкерлери, антисемиттик акцияга чыккандар дагы бар экенин билдирди. Алардын экөө оор абалда. "Эхо Кавказа" жүргүнчулөрдүн бири ооруканага жаткырылганын жазды. Кавказ.Реалии күч кызматкерлеринин бери дегенде экөө аларга ыргытылган таштан жараат алганын кабарлады.
Ушул эле күнү кечинде Хасавюрт шаарында жергиликтүү тургундар "Фламинго" жана "Киев" мейманканаларына келип, ал жерде жашап жаткан "Израилден келген качкындарды" чыгарууну талап кылышкан.
Дагестандагы окуяларды чагылдырган Telegram каналдарында Хасавюрттун чогулган тургундарынын видеолору пайда болду. Маалыматка ылайык, Хасавюрттун тургундары мейманкананын конокторун терезеге баруусун талап кылышкан. Алар реакция кылбаганда, чогулгандардын айрымдары "Фламинго" тарапка таш ыргыта башташты.
"Медиазона" билдиргендей, Ички иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча демонстранттардын өкүлдөрү мейманканаларга кирип, ал жерде израилдиктердин бары-жогун текшеришкен. Ошондон кийин "Фламингонун" эшигинде "Израилдин чет элдик жарандарына (жөөттөргө) кирүүгө катуу тыюу салынат! (жана бул жерде жашабагыла!)" деген жазуусу бар кулактандыруу пайда болгон.