Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Мектеп: жоюлган ата-энелер фондунун күңгөй-тескейи

0
Мектеп: жоюлган ата-энелер фондунун күңгөй-тескейи

Кыргызстанда Президенттин жарлыгы жана Министрлер кабинетинин чечими менен билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынган. Азыр мектептерде ата-энелер фонду жоюлуп, акча чогултуу токтогону айтылууда. Бул бир жагынан алкоого татыса, экинчи тарабынан мектепте көйгөй жаратты.

Буга чейин Бишкектеги айрым мектептеринде ата-энелер фонду каржылап келген күзөтчүлөр кызматтан кетип, алардын ордуна мугалимдер кезектешип күзөтчүлүк кылып жатканы айтылууда. Билим берүү министри бул маселе жакын арада чечилет деп ишендирди.

Тамара Жусупова Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясында башталгыч класстарга билим берет. 45 жылдык тажрыйбасы бар мугалим акча чогултуу токтогондон кийин мектептеги күзөтчү кызматтан кеткенин айтууда. Анткени алардын айлык акысы ата-энелер фонду аркылуу төлөнүп келген. Азыр мугалимдер өздөрү кезектешип күзөтчүлүк кылууда.

"Мен өткөн айда тургам. Эми кезегим кийинки жумада келсе керек. Бул иш бизге ашыкча жүк болду. Мектептен сырткары, үйгө барып дептер текшерип, кийинки күндөгү сабакка даярданып, балдарга кызыктуу маалымат табыш үчүн бизге убакыт керек. Эртең менен түшкө чейин же 13:30дан кечки 7ге чейин мектепте жөн эле мектептин оозунда отурган бизге ашыкча жүк. Убактыбыз кетет, азыр суук кезде ден-соолукка да зыян. Мунун бизге эмне кереги бар?"

Бишкектеги башка бир нече мектепке кайрылганыбызда, ар кимиси ар башка жол менен бул маселени чечип жатканын айтышты. Маселен, шаардагы №69 мектептин администрациясы күзөтчүнүн ордуна тазалык кызматкерлерин коюп жатканын билдирди:

"Бизде күзөтчүнүн ордунда тазалык кызматкерлери туруп жатат. Алар айлык акыны бюджеттен алат. Буга чейин күзөт агенттиги менен келишимибиз бар болчу, азыр жок."

Ал эми кээ бир мектептерде күзөтчүлөр азырынча жок болуп жатат. Ушундай эле абал өлкөнүн ар кайсы аймактарында да байкалат. Баткен шаарындагы Ленин орто мектебинин директору Султанбек Момунов күзөтчүнүн кызматын мектеп кароолчусу менен мугалимдер биргелешип аткарып жатканын айтты:

"Ата энелер фонду бар кезде күзөтчүлөр турчу. Азыр болсо мектептин кароолчусу эле бар. Ага мамлекет айлык төлөп берет. Анан ошого эле милдеттендирип койдук, ички тартипти да карасын деп. Кезметтеги мугалимдер да ички тартипти карашат".

Мектептеги коопсуздук маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн. Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мыйзам боюнча коопсуздук маселеси билим берүү чыгымдарына кирбесин билдирген.

Кендирбаева "Азаттыкка" берген маегинде бул маселени чечүү үчүн бюджеттен акча каралып жатканын жана учурда иштеп жаткан күзөтчүлөрдүн айлыгы толуктап берилерин билдирди:

"Мунун баары компенсация болот. Азыр бул маселе боюнча бюджет талкууланып жатат. Маселе чечилгенден кийин толук маалымат берилет. Жакында Жогорку Кеңеште каралат".

Президент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка ушул жылдын май айында кол койгон. Анда акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдер жоопко тартылары эскертилген.

Ал эми Министрлер кабинети 2023-жылдын 28-сентябрында атайын токтом чыгарып, быйылкы жылы мектептерди оңдоого, аны кайтарууга жана тиричилик буюмдарын сатып алуу үчүн 557 млн 158 миң сомду республикалык бюджеттен бөлүп берүүнү Каржы министрлигине табыштаган.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, шаардык мэрияларды мамлекеттин карамагындагы мектептерди тийиштүү каражаттар менен камсыздоо үчүн жыл сайын акча бөлүп турууну милдеттендирген.

Буга чейин мектеп жана бала бакчаларда ата-энелерден мыйзамдуу түрдө ай сайын акча чогултуп туруучу фонддор болгон. Ал фонддон мугалимдин айлыгына кошумча акча берилип, кароолчуга, тазалоо каражаттарына жана башка муктаждыктарга бөлүнүп келген. Айрым ата-энелер фонддун иши ачык эмес экенин айтып, нааразылыкка да чыгышканы бар.

Парламент депутаты Дастан Бекешев ата-энелер фонду жоюлганы менен, "өкмөт мектептерге бир да тыйын бере элек" деп сындап чыккан.

Бишкек шаардык билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Мээрим Халиалдаева мектептердеги күзөт жана тазалык кызматкерлеринин айлык маянасы чечилип жатканын билдирди:

"Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынан каражат каралып, төрт райондогу мектептерге бөлүнгөн. Эми балдардын санына жараша тендерге тийиштүү документтер каралып жатат. Тендер өткөндөн кийин мектептерге күзөт кызматкерлери коюлат".

Мектеп курагындагы эки баласы бар Наргиза Мамбетова мамлекет камсыздай албай жаткан мектептерди ата энелер колдоп турушу керек деп эсептейт:

"Мамлекет тарабынан мектептер 100% камсыз болбойт. Мисалы, ушу күнгө чейин бор, пол жуугуч каражаттарды алып бере элек. Мамлекет камсыздай албагандан кийин, айла жок, ата-энелерден жардам сураш керек болуп калат. Азыр кээ бир мектептерде күзөтчү жок экен. Азыркы заманда камералар коюлган күндө деле чоочун адамдар кичинекей кыздарды артынан кубалаган учурлар кездешип жатат. Ушундай кооптуу заманда күзөтчүлөр болушу керек да".

Буга чейин иштеп кеткен билим берүү министрлери мектептер ата-энелердин жардамысыз өнүгө албайт деп, фонддорго акча чогултууну мыйзамдаштырууну сунуштап келишкен.

Ошондой эле министрлер мектептин муктаждыгын мамлекет каржылай албай турганын, мектеп ата-энелердин колдоосуна муктаж экендигин айтып, шаар, айылдарда деле атайын бир суммада каражат чогултуп турган мектеп фондун ачууну сунуштап келишкен. Бирок бул идея ишке ашпай кала берген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *