Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Аба ырайы: аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт

0
Аба ырайы: аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт

"Кыргыз гидромет борбору" билдиргендей, 31-октябрда эртең менен жана күндүз жана 1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 31-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

31-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 7…12;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүзү 14…19;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүз 10…12° градус болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *