Бишкектин Биринчи Май райондук соту Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жетекчиси Айнура Абалиеваны "Пара алуу" беренеси боюнча айыптуу деп тапты. Буга байланыштуу соттун чечими 30-августта чыккан. Бирок коомчулукка бул маалымат 30-октябрда гана белгилүү болду.
Чечим чыкканын аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастап, Абалиева эки жылдык мөөнөткө мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлөө укугунан ажыратылып, мамлекеттин эсебине 10 миң эсептик көрсөткүч (1 миллион сом) өлчөмүндө айып төлөй турганын билдирди.
УКМК Дары-дармек жана медициналык техника департаментинде коррупциялык схема аныкталганын жана пара алууга шек саналып мекеменин директору Айнура Абалиева кармалганын 24-майда кабарлаган. Маалыматка караганда, ага карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "опузалап пара талап кылуу" фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. Абалиева "департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча алып турган". Дары-дармектер иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөрдөн өтпөгөнү же иш формалдуу түрдө гана жүргүзүлгөнү аныкталганын атайын кызмат кабарлаган.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте фармацевтикадагы мафия тууралуу депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, ага "мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин" айткан.
"Азаттык" радиосу өлкөдөгү күмөндүү дары-дармек, миллиондор айланган бизнес, мамлекеттик мекемедеги коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу "Эл кандай дары-дармек ичип жатат?" деген иликтөөсүн эки жыл мурда жарыялаган.(КЕ)
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS
NYT: встреча Путина и Си Цзиньпина показала непоколебимость поддержки РФ Китаем
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Минское «Динамо» одолело «Шахтер» на финише 9-го тура чемпионата Беларуси