Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Франция радикал исламды карманат деген орусиялык 39 кишини депортациялайт

0
Франция радикал исламды карманат деген орусиялык 39 кишини депортациялайт

Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманен радикалдуу исламды карманат деп саналган орусиялык 39 киши депортацияланарын билдирди. Бул тууралуу министр RMC радиостанциясынын эфиринде айтып, ал кишилердин аттары, жашы же башка маалымат менен бөлүшкөн жок.

Дарманендин айтымында, Орусия бийлигине Франциядан чыгарылчу кишилердин тизмеси тапшырылды. Анткени, Орусиянын макулдугусуз аларды депортациялоого болбойт. Москва жарандарын кабыл алууга даяр болууга тийиш. Министр “кара тизмеге” киргендер азыр “катуу көзөмөлгө алынганын” кошумчалады.

Буга чейин Франциянын коопсуздугуна коркунуч туудурган адамдардын арасында орусиялык 60 жаран экени маалымдалган.

22-октябрда Францияда Израилдин Бельгиядагы элчилигине кол салууну пландаган деген шек менен 15-16 жаштагы төрт өспүрүм кармалган. Алардын үчөө ингушетиялык жана чеченстандыктар болчу.

13-октябрда ингушетиялык Мохаммед Могушков Аррас шаарында мугалимге бычак сайып өлтүргөн, дагы бирөөну жарадар кылган. Француз бийлиги аны кылмышка Израилдин ХАМАСка каршы согушу түрткөн деп болжолдойт.

Кийин Страсбургдагы синагоганын жанында бычак көтөрүп бараткан чечен тектүү бала кармалган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *