Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

HRW: Пакистан оогандык бозгундарды чыгаруу үчүн күч колдонууда

0
HRW: Пакистан оогандык бозгундарды чыгаруу үчүн күч колдонууда

Пакистандын өкмөтү оогандык мыйзамсыз келгендерди чыгаруу үчүн коркутуп-үркүтүүлөргө, күч колдонууга барып жатат. Бул тууралуу Хьюман Райтс Уотч (HRW) эл аралык уюму 31-октябрда билдирди. Исламабад оогандар 1-ноябрга чейин чыгып кетүүгө тийиш деген шарт койгон.

Уюмдун Ооганстан боюнча изилдөөчүсү Ферешта Аббасинин айтымында, ур-токмокко, кармоолорго, опузалоого кабылган оогандар келечегине чочулоо менен карап жатышат.

“Ооганстандагы кырдаал бозгундардын көбү үчүн кооптуу бойдон калууда. Депортация алардын коопсуздугуна, өмүрүн коркунучка кептейт”, - деп белгиледи укук коргоочу.

3-октябрда Пакистандын Ички иштер министрлиги тиешелүү уруксат кагаздары жок бардык мигранттар 28 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш деп билдирген. БУУнун маалыматына караганда, 27-октябрга карай Пакистандан 60 миңдей ооган чыгып кетти. Көбү кармоолордон коркуп жатканын айтышкан.

HRW Пакистан БУУнун кыйноолорго жана зомбулукка, куугунтукка туш болушу мүмкүн деген мамлекеттерге адамдарды кайтарбоого каршы конвенциянын мүчөсү катары милдеттенмелерин бузуп жатканын белгиледи.

Уюм башкалка сурагандар, БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссариатында катталган оогандар да полициянын өз билемдигине кабылганын кошумчалады.

HRW АКШ, Британия, Германия жана Канаданы Пакистандагы оогандарды, өзгөчө мекенинде тобокелдикке кабылышы ыктымал деген ЛГБТ мүчөлөрүн, журналисттерди, укук коргоочуларды көчүрүү жараянын тездетүүго чакырды.

Исламабаддын маалыматы боюнча Пакистанда 4 миллиондон ашуун ооган качкыны жүрөт. Алардын жарымынын тиешелүү документтери бар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *