Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Шаардык сот Мадумаровдун бөгөт чарасын кароону 13-ноябрга жылдырды

0

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын кароону 13-ноябрга жылдырды. Буга Мадумаровдун ооруканада экени себеп болгон. Саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, адвокат шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу жабык өткөн. Жараянга анын адвокаттары гана киргизилген.

Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Буга чейин адвокаты анын саламаттыгы начарлап кеткенин, ооруканага жаткырлышы керектигин билдирген.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген депутатты милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген.

Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан. (KS/KE)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *