Бишкекте көчөнүн аталышын өзгөртүүгө мораторий жарыяланды
Борбор калаадагы көчөлөрдүн, аянттардын, парктардын жана бульварлардын аталышын өзгөртүүгө он жылга чейинки мораторий киргизилди. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 5-октябрдагы отурумунда кабыл алды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы ырастады. Ага ылайык, шаардык кеңештин депутаттары бул тууралуу токтом долбоорун талкуусуз кабыл алышты. Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын, көчөлөрдүн, аянттардын, парктардын жана бульварлардын аталышын өзгөртүүгө он жыл мурун, 2013-жылы ошол кездеги шаардык кеңеш мораторий жарыялаган. Читать дальше...