Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 06.10.2023

"Клооп Медианын" ишине байланыштуу сот 23-октябрда уланат

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту 6-октябрда Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызын кароону улантты жана кийинки соттук отурум  23-октябрга белгиленди.  Соңку сот отурумунда "Клооп Медианын" өкүлдөрү Юстиция министрлигин соттук процесске үчүнчү тарап катары катышуусун өтүнүп, ал канаттандырылды. 26-сентябрдагы соттук угуу доогер тарап тийиштүү документтердин көчүрмөсүн бербегенине байланыштуу жылдырылган. Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын... Читать дальше...

Журналисттик иликтөө: Көлбаев – Матраимов байланышы

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу, OCCRP, «Kloop» жана «Bellingcat» уюмдары Матраимовдун иштерин эки жылга чукул иликтешкен. Журналисттер бири-бири менен байланышы жок үч булактан кыргыз бажысынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов менен кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевдин мамилеси тууралуу маалыматты тактап, таап чыгышкан. (Ошол иликтөөнүн кыскартылган вариантын жарыялайбыз) 2020-жылдын этегинде жарыяланган иликтөөдө журналисттер Матраимов менен Көлбаевдин байланышын далилдеген Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каганат” менчик эс алуу жайын табышкан. Читать дальше...

Кыргызстанда кызылча жуккан балдардын саны 2400дөн ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда кызылча (корь) жуккан балдардын саны 2-октябрга карата 2469га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты чыңдоо республикалык борбору кабарлады. Август айында оору жугуп катталгандардын саны 1700 болчу. Аталган борбордун маалыматына ылайык, 18-29-сентябрь күндөрү тогуз айдан жети жашка чейинки 440 343 бала эмдөөдөн өттү жана бул жараян уланып жатат. Өткөн айда Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келгенин билдирген. Эки ай мурда кызылча оорусунан эки бала чарчап калганы... Читать дальше...

Байдендин администрациясы Мексика менен чек арага дубал курууну улантат

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Мексика аркылуу агылган мыйзамсыз миграцияны азайтуу максатында түштүк Техаста 30 чакырымды түзгөн дубалды курууга макул болду. Байден шайлоо өнөктүгү маалында чек арага чеп курбоо тууралуу убада берген жана президенттик кызматка киришкенден баштап ага чейинки президент Дональд Трамп баштаган тосмо курууну токтотуп койгон. Жо Байден 2021-жылы кызматка киришкенден бери рекорддук сандагы иммигранттар АКШ-Мексика чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү тууралуу маалыматтар бар... Читать дальше...

Путин: Пригожиндин учагында өлгөндөрдүн денесинен граната сыныгы чыкты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин учагы жарылганда мерт болгондордун денесинен гранатанын сыныктары табылганын билдирди. Бул тууралуу ал "Валдай" форумунда сүйлөп жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, Тергөө комитети учакка сырттан таасир болбогонун билдирген. Путин ошондой эле Санкт-Петербургдагы Пригожиндин кеңсесинен беш килограмм маңзат жана накталай 10 миллиард рубль табылганын билдирди. 23-августта Евгений Пригожин... Читать дальше...

УКМК: Таласта Көлбаевдин тобунун "Тайсон" аттуу мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Талас облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун "Тайсон" деген каймана ат менен белгилүү С.М.Ж. аттуу мүчөсү акча талап кылууга шек саналып кармалганын кабарлады. Атайын кызматтын билдиришинче, ал Талас шаарында кримчөйрөдөгү "смотрящий" деген макамды алып жүргөн. "Кылмышка шектүү автомектептин окутуучусу А.Б.Аны ага каршы компромат маалыматтарды укук коргоо органдарына берерин айтып коркутуп, кысым көрсөтүп, анда 70 миң сом талап кылган. Ыкчам-иликтөөнүн... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *