Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 16.10.2023

Байден ХАМАС радикал уюму толугу менен жок кылынышы керек деп билдирди

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден палестиналык радикал ХАМАС уюму түп тамыры менен жок кылынышы керек деп билдирди. CBS телекомпаниясына берген интервьюда Байден Израилдин Газанын оккупациясы чоң ката болорун, палестин мамлекетин түзүү жолдорун издөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Иранга жана “Хезболла” радикал тобуна жаңжалга кийлигишпөөнү эскертти. Мунун алдында Тегеран Газа тилкесин аткылоо улана берсе, Израиль менен ХАМАСтын согушуна аралашуу даярдыгын билдирген. Ал арада Израиль Газадагы жоочуларды... Читать дальше...

Ош: кайрылуу жасаган мурдагы чек арачыны президенттин өкүлү кабыл алды

Azattyk.org 

Былтыр Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара чырында жараат алганын айткан мурдагы аскер кызматкери Курманбек Абдыкеримов 15-октябрда президентке жана Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Ал былтыр 16-сентябрда Баткен районундагы “Достук” чек ара бекетинде нөөмөттө болгонун, жаңжалда анын оң далысына ок тийип, алган жараатына байланыштуу жумуштан кетүүгө аргасыз болгонун айткан. Ал кайрылууда Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын жашоочусу экенин, алган жараатынан улам... Читать дальше...

Министр өлкөдө 1700 дарыгер жетишсиз болуп жатканын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстанда медицина тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири адистердин жетишсиздиги болуп жатканы бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат бөлүмүндө бюджет маселеси талкууланып жатканда айтылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, азыркы тапта 1700 дарыгер жетишсиз болууда: “Бул абдан чоң проблема. Бизде азыр 1700 дарыгер жетишпей жатат. Ошол боюнча чоң иштерди жүргүзүп жатабыз – интернатура киргизип, клиникалык ординатурада экинчи жылдагылардын баарын аймактарга жөнөтүп”. Читать дальше...

УКМК Ноокат районунда 30 килограмм маңзат кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 11-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда бир орусиялык жана кыргыз жараны 30 килограмм маңзат менен кармалганын билдирди. Мекеме кабарлагандай, алардын Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан каттамы менен 20 кг гашиш жана 10 кг чийки апийимди ташып баратканы аныкталган. Кармалгандар маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо иштери уланууда. Сентябрь айынын башында Ички иштер министрлиги 450 килограммадан ашуун маңзат жок кылынганын билдирген.

Дарыгер менен мугалимдин маяна маселеси парламентте көтөрүлдү

Azattyk.org 

Дарыгер менен мугалимдин маяна маселеси бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде республикалык бюджет талкууланып жатканда көтөрүлдү. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгердин орточо айлыгы азыр 18 миң сом экенин айтты. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдики 26 миң сом болуп жатканын  билдирди. Депутат Дастан Бекешев мындай маяна менен саламаттык сактоо жана билим берүү системасынын ишин жакшыртуу оор экенин белгиледи: “Чынында айлык азыраак... Читать дальше...

Садыр Жапаров өлкөдө "кримдүйнө" деген болбошу керектигин айтты

Azattyk.org 

Өнүккөн өлкө болууну каалаган мамлекетте криминалдык чөйрө деген болбошу керек экенин бүгүн 16-октябрда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди. Криминалдын коомчулуктун жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө таасири тууралуу суроого жооп берип жатып президент өнүккөн өлкөлөрдө кримдүйнө деген түшүнүк жок экенин айтты: “Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Читать дальше...

Жол кирени накталай алган айдоочуну аныктоого ыктыярчылар жардам берет

Azattyk.org 

Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбустарда жүргүнчүдөн жол кирени накталай алган айдоочуларды аныктоо үчүн ыктыярчылар тартылып жатканын бүгүн 16-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, атайын рейддер уюштурулуп, жалпысынан 60 ыктыярчы тартылууда. “20-августтан тартып коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда. Буга байланыштуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы... Читать дальше...

Түрк мамлекеттер уюмунун маалымат боюнча жыйыны өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 16-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалымат үчүн жооптуу министрлеринин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жыйында өз ара кызматташтык маселелери талкууланат. Күн тартибинде “GPT чаттын мисалында жасалма интеллекттин артыкчылары жана кемчиликтери”, “Гибриддик согушатр XXI кылымдын коопсуздук коркунучу катары” деген маселелер да бар. ... Читать дальше...

Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлүшүнүн мыйзамдуулугун прокуратура текшерерин айтты

Azattyk.org 

Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын бүгүн 16-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди. “Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп. Читать дальше...

БУУ Газадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш ХАМАС тобун барымтадагы израилдик жарандарды бошотууга, ал эми Израилди Газа секторуна гуманитардык коридор ачып берүүгө чакырды. Жекшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө ал БУУ гуманитардык кризисти тез арада жөнгө салуу үчүн тийиштүү ресурстарга ээ экенин, барымтада калган адамдарды тез арада бошотуу зарылдын белгиледи. «Газа секторунда суу, электр энергиясы жана башка эң зарыл нерселер түгөнүүдө. БУУнун Египет, Иордания, Батыш жээк жана Израил аймагында азык-түлүк... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *