Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 18.10.2023

ИИМ кызматкерлери кылмыштуу топ түзүүгө шектелип кармалышты

Azattyk.org 

Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгындагы (ШИИБ) Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы (БМЖКК) ыкчам кызматкер, милициянын майору М.3.М. жана Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын (РИИБ) кызматкери, милициянын капитаны И.К.Ж. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 18-октябрда маалымдады.  Ага ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кызматкерлер БМЖККнын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болушканы... Читать дальше...

Байден: Газа ооруканасындагы жарылууну Израил эмес «башка топ ишке ашыргандай» көрүнөт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден 18-октябрда жүздөгөн адамдын өмүрүн алган Газа тилкесиндеги ооруканада болгон каргашага Изралдин тиешеси жоктой сезилерин билдирди. "Көргөнүмө караганда, аны силер эмес, башка топ ишке ашыргандай сезилет", - деди Байден Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен жолугуп жатып. ХАМАСтын көзөмөлүндөгү Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги ооруканада 17-октябрдын кечинде болгон калаба үчүн Израилди күнөөлөгөн. Израил аскерлери ага эч тиешеси жок экенин билдирип... Читать дальше...

Иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиевди сүзүп кеткен айдоочу табыла элек

Azattyk.org 

"Арча Медиа" (Next TV) басылмасынын кызматкери жана "Соболум бар" долбоорунун автору Сайпидин Султаналиев кабылган жол кырсыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББнын) иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Башкармалыктын басма сөз кызматы мекеменин издөө бөлүмү мотоскутер менен бараткан журналистти сүзгөн автоунаанын айдоочусун издеп жатканын, табылган соң коомчулукка толук маалымат берилерин "Азаттыкка" кабарлады . Журналист Сайпидин Султаналиев 17-октябрь күнү саат 17:30дар... Читать дальше...

Адахан Мадумаровдун иши сотто жабык каралып жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу жабык өтүп жатат. Сотко Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова келди. Бирок сот отурумду жабык өткөрүү боюнча токтом чыгарганын айтып, аны сот залынан чыгарды. Кожокулова “Азаттыкка” комментарий берип жатып, эл өкүлү катары жашыруун материалдарды алууга, таанышууга укуктуу экенин, отурумдан соттун чечимин сыйлап чыкканын билдирди. “Азыр “Бүтүн Кыргызстан”... Читать дальше...

Мектептин экинчи кабатынан секирген кыздын окуясы териштирилүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде 11 жаштагы кыздын экинчи кабаттан секирип кеткен окуясы боюнча териштирүү жүрүүдө. Окуучу уюлдук телефонун мугалим алып койгондуктан ушундай жолго барганын айткан. Анын сол буту сынып, ооруканага түшкөн.

Кыргызстан Газадагы гуманитардык укук бузууну тезинен иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 18-октябрда маалымат таратып, көптөгөн адам өмүрүн кыйган Газа тилкесиндеги "Ал-Ахли" ооруканасындагы жарылууну айыптаарын билдирди. Расмий Бишкек эл аралык гуманитардык укук бузууну ар тараптан иликтөөгө чакырды. "Элди жана инфратүзүмдөрдү коргоого алган эл аралык гуманитардык укуктардын нормаларын жана жоболорун сактоонун маанисин баса белгилейбиз", деп жазылган маалыматта. Билдирүүдө тышкы иштер мекемеси мындан тышкары тараптарды жай тургундардын өлүмүнө жана зомбулукка жол бербөөгө... Читать дальше...

Иорданияда Байден катыша турган саммит өтпөй калды

Azattyk.org 

Иорданияда 18-октябрга белгиленген төрт тараптуу саммит Газадагы ооруканадагы жардырууга байланыштуу өтпөй калды. Ага АКШ президенти Жо Байден дагы катышмак. Буга чейин жыйынга катышуудан Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас баш тарткан. Андан тышкары Иорданиянын падышасы Абдалла II жана Египеттин президенти Абба Абдель-Фаттах ас-Сиси дагы катышуусу күтүлгөн. «Азыр согушту токтотуудан башканы сүйлөшүүнүн мааниси жок»-деди Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади, саммит өтпөй турганын жарыялап жатып. Читать дальше...

Жапаров Президенттик администрациянын жаңы имараты "Ынтымак-Манас ордосу" деп аталарын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров жаңы курулуп жаткан президенттик администрацияга “Ынтымак-Манас Ордосу” деген аталыш берилерин 18-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал буга чейин жаңы имаратка аталыш тандоо үчүн коомчулуктан сунуштар кабыл алына турганын жарыялаган. Анын жыйынтыгында келген сунуштар 108ге жеткенин, алардын арасынан “Ынтымак-Манас Ордосу” тандалып алынганын билдирди. Ал тандалып алынган аталышка түшүндүрмө берип, өнүгүү үчүн ынтымактын маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз элинде айтылып келаткан уламышты жазган. Читать дальше...



Брюсселдеги теракт үчүн жоопкерчиликти ИМ радикал тобу өз мойнуна алды

Azattyk.org 

Брюсселдеги теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобу өз мойнуна алды. Бул тууралуу экстремисттик уюм 17-октябрдын кечинде Телеграмдагы каналы аркылуу жарыялады. Анда согушкерлеринин бири жасаган чабуулдан эки кишинин өмүрү кыйылганы белгиленет. Окуя 16-октябрда болгон. Белгисиз адам көчөдө бараткан эки швециялык футбол фанатын атып өлтүрүп, үчүнчүсүн жарадар кылып из жашырган. Белгия бийлиги ал 45 жаштагы Тунистин жараны экенин аныктаган. Маалыматка караганда, анын башпаанек алуу өтүнүчү 2020-жылы четке кагылган. Читать дальше...

Депутат Сох аркылуу каттагандар арызданып жатышканын айтты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы аркылуу каттаган кыргыз жарандарынан арыз-даттануу болуп жатканын бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөнүн чек арачылары кыргызстандык жүргүнчүлөр арасындагы кары-картаңдарды, кичине балдарды жана “Тез жардамда” бараткан бейтаптарды да машинадан түшүрүп, жарым саатка чейин текшерип жатышат:   “Ошол жерде азыр өзбек чек арачылары биздин ичибизде анклав болуп туруп биздин... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши боюнча сот башка күнгө калды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бүгүн 18-октябрга белгиленген соту болбой калды. Буга соттук отурумга абактагы айыпталуучулар жеткирилбегени негиз болгонун "Азаттыкка" айыпталуучулар Равшан Жээнбековдун жана Марат Баязовдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди. Анын айтымында, соттук отурум 25-октябрга калды: “27-сентябрда сот учурунда айыпталуучу Айбек Бузурманкуловго эскертүү берилип, тартипти бузбоо керектиги айтылган. Ал эмоционалдуу сүйлөгөндүктөн айыпталуучулардын арасынан соттук залдан чыгарып жиберишкен. Читать дальше...

УКМК Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50дөй бажычы иштен алынганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулганын билдирди. Мекеменин 18-октябрдагы билдирүүсүндө текшерүүнүн жүрүшүндө Бажы кызматынын ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдары аныкталганы, алар Көлбаев жана Матраимов менен тыгыз байланышта болуп келгени такталганы жазылды. Атайын кызмат жумуштан алынган кызматкерлердин аты-жөнүн, кызмат ордун тактаган жок. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндуз 14…19 градус жылыйт. Читать дальше...

Жогорку Кеңеште палестин элине жардам жөнөтүү демилгеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Палестинага гуманитардык жардам жөнөтүү демилгеси бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Жалолидин Нурбаев шайлоочулардан кайрылуулар түшүп жатканын айтты: “Бизге “ушул өлкөгө кандай жардам берсек болот” деген көп кайрылуу түшүп жатат. Менин сунушум, Тышкы иштер министрлигинде эсеп ачылса Кыргызстандын бардык элинин атынан Палестинада кыйналып жаткан боордош туугандарыбызга жардам катары. Кээ бирлеринин акчалай жардам беребиз деген ниети бар, бирок кайсы жол менен беришти билбей жатышат”. Читать дальше...

Жалал-Абад: 70 жаштагы Салия Таштанова үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын бөгөт чарасы өзгөрүп, 17-октябрда үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын мурдагы адвокаты Жеңишбек Бектаналы уулу 18-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, Таштанованын бөгөт чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыккан. Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованы жана "Бүтүн-Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркулованы... Читать дальше...

Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу өтөт

Azattyk.org 

18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча алдын ала соттук угуу өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Анын адвокаттарынын бири Юлия Богданова ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын буга чейин айткан. Читать дальше...

Израил Газанын райондоруна сокку урууну улантууда

Azattyk.org 

Израил ХАМАС радикал тобунун жоочуларын бутага алуу максатында Газанын калк жашаган райондоруна сокку урууну улантууда. Гуманитардык уюмдар Израилдин блокадасынан улам тилкеде жашоо үчүн зарыл инфраструктура кыйраганын эскертүүдө. Израил мындай кадамга ХАМАСтын 7-октябрдагы кандуу кол салуусунан кийин барган.

Мадумаров боюнча башкы прокурордун маалыматын угуу сунушу колдоо тапкан жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон иш боюнча башкы прокурордун маалыматын угуу сунушун колдогон жок. Парламенттин 18-октябрдагы отурумунда депутат Гуля Кожокулова тергөө аяктап, 23-октябрга алгачкы соттук отурум белгиленгенин кабарлады жана тергөө аяктагандан кийинки үч күн ичинде башкы прокурор бул боюнча маалымат бериши керек болгондугун айтты:  “Кылмыш-жаза кодексине ылайык, өлкөдөгү биринчи адамдарды, анын ичинде ЖК депутаттары боюнча кылмыш иши козголгондо башкы прокурор жеке өзү айып коюп... Читать дальше...

Фейсбуктагы пикири үчүн камалган эки аялдын маселеси парламентте айтылды

Azattyk.org 

Фейсбуктагы пикири үчүн камакка алынган эки аял боюнча маселе бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын депутат Гуля Кожокулова партиянын 20дан ашуун мүчөсү кармалганын билдирип, жогоруда аталган аялдардын ишине байланыштуу Башкы прокуратурадан толук маалымат берүүнү өтүндү. Депутат “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерин колдоп сүйлөгөнү үчүн 70 жаштагы аял жана партия мүчөсү, жалгыз бой эне президент менен атайын кызматтын төрагасын дискредитация кылганы үчүн... Читать дальше...

Кыргызстанга Кытай менен Индиянын кайсы жарандары визасыз кирет?

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинети Индиянын жана Кытайдын айрым жарандарына жети күнгө визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти. Кыргызстанга визасыз кире тургандардын Шенген зонасына, АКШга, Британияга визасы болушу шарт. Өкмөт мындай жол менен өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууну көздөөдө. Бирок мындай чечимдерди бардык жактан таразалап кабыл алуу керек деген пикирди кармангандар да бар. Жеңилдик шарттары Тышкы иштер министрлиги 16-октябрда тараткан маалыматта Индиянын жана Кытайдын жарандарына... Читать дальше...

Ооган кыргыздарына кезектеги гумжардам жеткирилди

Azattyk.org 

Кыргызстан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы жана Ооганстандын Кичи жана Чоң Памириндеги кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн 18-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 4-16-октябрь күндөрү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрүнөн турган... Читать дальше...

Израилден кетүүгө камынган кыргызстандыктар

Azattyk.org 

Израилде ХАМАСтын чабуулунан теги өзбек беш киши каза болгону айтылды. Бирок расмий Ташкент алардын теги гана өзбек экенин, Өзбекстандын жараны болбогонун билдирди. Кыргызстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев Израилдеги 40тан ашуун кыргызстандык чыгып кетүүгө даяр экенин кабарлады. Элчиликтин тизмесинде жалпысынан 93 киши катталган. Ал эми Астана ХАМАСтын чабуулдарын айыптап, Израилди Газада ашыкча күч колдонуудан карманууга чакырды. Казак бийлиги чабуулдарда каза болгон... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *