Алматыда 30дай киши камактагы активисттерди бошотууну талап кылды
Казакстандын Алматы шаарында 23-октябрда отуздай киши шаардык прокуратурага барып, өткөн жумада камалган жарандык активисттерди бошотууга чакырышты. Чогулгандардын айтымында, активисттер эч негизсиз эле кармалып, камалган. 25-октябрда күтүлүп жаткан митингдердин алдында Алматы, Астана жана башка шаарларда бир катар жарандык активисттер кармалган. 20-октябрда Алматынын административдик соту Бесжан Толеубек уулун, Марат Мусинде 15 суткага, ал эми Орол шаардык соту активист Маруа Ескендированы 10 суткага камоо чечимин чыгарган. Читать дальше...