Сузактагы Ачы-Сай каналы ташып, сел жүрдү
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Боз-Чычкан айылын аралап өткөн Ачы-Сай каналы 23-мартта кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам ташып, сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, социалдык мекемени жана 22 үйдү сел каптады. Учурда кырсыктын кесепетин жоюу, тазалоо иштери жүрүп жатат. Өткөн айда нөшөрдүн айынан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында, Бактуу-Долоноту, Темир, Корумду, Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарын сел жүрүп, жалпысынан ондогон үйдү, короо-жайды топон суу каптаган. Читать дальше...