Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 31.10.2023

ТИМ Орусияда миграциялык каттоонун жаңы тартиби тууралуу эскертти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда 26-октябрдан тартып чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоодон өткөрүүнүн жаңыланган тартиби күчүнө киргенин билдирди. Ага ылайык, кыргызстандык жарандар Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарына электрондук форматта жөнөтө алат. Ал үчүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында" жеке кабинети болушу керек. Андан сырткары электрондук... Читать дальше...

“Эмарк Групптун” башчысы Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узартылды

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узартылды. Ишкердин бөгөт чарасы 30-октябрда каралганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов 12-октябрда кармалып, 4-ноябрга чейин камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу") негизинде айыпталган. Читать дальше...

Өзбекстандын Араванга келин болгон кыздары

Azattyk.org 

Кыргызстандын Араван району менен Өзбекстандын Мархамат районун бириктирген чек ара бекети ачылгандан бери карым-катнаш жанданды. Көп жылдар жабык турган "Кара-Багыш" өткөрмө бекети бир ай мурда ачылган. "Данисте" бул жолу кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан айылдардын турмушун көрсөтөт.

Көлбаев боюнча кармалган Подобедов УКМКнын өтүнүчү менен камактан бошотулду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармаган ишкер Олег Подобедов ушул эле мекеменин өтүнүчү боюнча камактан бошотулду. Аны сыртка чыкпоо тилкаты менен камактан чыгарууну Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан УКМКнын Башкы тергөө кызматынын тергөөчүсү өтүнгөнү маалым болду.  Соттун Подобедовдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу чечими 24-октябрда чыкканы маалымдалды.  Ишкер кармалганын жана убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин... Читать дальше...

Оң рулдуу таксилерге тыюуну алып салуу мыйзамы тармактык комитетте өтпөй калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 31-октябрдагы жыйынында “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун карады. Демилгечи депутат Дастан Бекешев алгач баяндама жасап, мыйзам долбоору Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга салынган тыюуну 10 жылга артка жылдыруу максатын көздөй турганын айтты. Документ быйыл 1-мартта коомдук талкууга чыккан. Кыргызстанда оң рулдуу унааны коммерциялык багытта... Читать дальше...

"Мугалим окутабы же эшик кайтарабы?". Мектептеги жаңы түйшүк

Azattyk.org 

Кыргызстанда президенттин жарлыгы жана Министрлер кабинетинин чечими менен билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынган. Азыр мектептерде ата-энелер фонду жоюлуп, акча чогултуу токтогону айтылууда. Бул бир жагынан алкоого татыса, экинчи тарабынан мектепте көйгөй жаратты. Буга чейин Бишкектеги айрым мектептерде ата-энелер фонду каржылап келген күзөтчүлөр кызматтан кетип, алардын ордуна мугалимдер кезектешип күзөтчүлүк кылып жатканы айтылууда. Билим берүү министри бул маселе жакын арада чечилет деп ишендирди. Читать дальше...

Караколдо өспүрүмдүн сөөгү кудуктан табылды

Azattyk.org 

Караколдо 13 жаштагы баланын өлүмү иликтене баштаганын бүгүн 31-октябрда "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, кечээ милицияга баланын апасы кайрылып, уулу мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Маалымат электрондук журналга катталып, издөө иштери башталган. Көп өтпөй жергиликтүү тургундардын бири өспүрүмдүн сөөгүн стадиондун жанынан, тереңдиги төрт метрлик кудуктан тапкан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү башталды. Читать дальше...

Блогер Адилет Балтабай боюнча соттук отурум башка күнгө калды

Azattyk.org 

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек боюнча Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда бүгүн 31-октябрга белгиленген отурум болгон жок. Буга активист ооруканага жатып калганы себеп болду. Кийинки отурум 3-ноябрга белгиленди. Сокулук сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранган жана мындай өтүнүчүн ал пробация эрежелерин бузганы менен негиздеген. 10-октябрда активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик... Читать дальше...



"Вефанын" саясатташкан соту, ишкердин өтүнүчү

Azattyk.org 

Бишкектин чок ортосундагы Vefa соода борборунун мурдагы ээси Умсун Назарбекова кыргыз бийлигине кайрылып, дээрлик жети жылдан бери иштетип келген бизнесинен айрылып калуу коркунучу тооруганын айтууда. Бишкек шаардык соту ушул жылдын июль айында имарат түрк тарапка өтсүн деген чечим чыгарган. Аны колго алган акционердик коом комментарий берүүдөн карманууда. Ал эми соода борборунда реконструкция иштери жүрүп жатат. Бишкекте 2006-жылы түрк инвесторлору курган Vefa соода борборунун талашы уланууда. Читать дальше...

Бишкекте бийлик сунуш кылган "ЖМК жөнүндө" мыйзам талкууланууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте каралганда коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрүнүн пикири эске алынарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн 31-октябрда Бишкекте "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында айтты. Шакиев Борбор Азиядагы жана башка мурдагы советтик өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстанда сөз эркиндиги жогору экенин айтып, бул жаатта жоопкерчиликти да эске алуу керектигин белгиледи. "Бизде сөз эркиндиги бар болгону менен жоопкерчилик жагы өкүнүчтүү. Читать дальше...

Лионель Месси сегизинчи жолу “Алтын топ” сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Америкалык “Интер Майами” клубунун жана Аргентинанын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси 2022-2023 сезонунун жыйынтыгында “Алтын топту” сегизинчи жолу жеңип алды. Франциянын France Football гезитинин сыйлыктарын тапшыруу аземи 31-октябрга караган түнү Парижде өттү. Жылдын мыкты дарбазачысы үчүн Лев Яшин атындагы сыйлыкты Лионель Мессинин улуттук курамадагы командалашы, Аргентинанын дарбазачысы Эмилиано Мартинес алды. Аялдар арасындагы “Алтын топ” “Барселона” клубунун... Читать дальше...

Президент прокуратура тууралуу мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Прокуратура органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөтүү жана толуктоо боюнча эки мыйзам долбоору бүгүн 31-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде биринчи окууда каралып, кабыл алынды. “Прокуратура жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү президент демилгелеген эки мыйзам долбоору боюнча депутаттарга башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди: “Негизги максат – Конституцияга... Читать дальше...

Астанада бейтаптарды кыйноого алган студентке сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

Казакстанда карыя бейтаптарды жана майып балдарды кыйнаган деген шек менен үй камагына алынган студентке сот өкүмү чыгып, ал жалпы тартиптеги колонияга дээрлик 5 жылга кесилди. “Азаттыктын” казак кызматы 30-октябрда билдиргендей, медициналык окуу жайдын 22 жаштагы студенти сот залынан камакка алынды. Ал кары-картаңдардын хосписинде санитар болуп, майып балдардын реабилиациялык борборунда инструктор болуп иштеп жүргөндө аларга кол көтөргөнү, мындай жоругун чөнтөк телефонуна видеого тартып, тааныштарына жөнөтүп жүргөнү аныкталганы маалымдалды. Читать дальше...

АКШ Кыргызстанда бала бакча тутумун жакшыртууга 3 млн доллар бөлүүдө

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстанда мектепке чейинки тарбиялоо системасын жакшыртууга 3 миллион доллар бөлүүдө. Балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоордун ачылышы 30-октябрда Бишкекте өттү. Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан фонду менен бирге ишке ашыра турган долбоор алкагында ишкер аялдарга балдарды өнүктүрүү борборлорун ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт,  үч жыл аралыгында 100дөн ашуун мектепке чейинки тарбиялоо борборуна колдоо көрсөтүлүп,... Читать дальше...

Газада израилдик аскер кызматкери барымтадан бошотулду

Azattyk.org 

Израилдин армиясы Газа секторундагы жер үстүндөгү операциясы учурунда ХАМАС тобу 7-октябрдан бери барымтада кармап келаткан аскер кызматкерин боштондукка чыгарып алганын 30-октябрда жарыялады. Бул окуя азыркы согушта кармаштын натыйжасында ийгиликке жетишилген жана аскер кызматкери барымтадан чыгарылган алгачкы бошотуу болгонун байкоочулар белгилеп жатышат. Аял аскер Ори Мегидишке чейин ХАМАС барымтада кармап отурган дагы төрт жай тургун аялды бошоткон. Барымтада дагы 230дан ашуун израилдик кармалууда. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *