Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 14.11.2023

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-ноябрда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20, Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 14…19, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 болот. Бишкекте  жаан жаабайт. Читать дальше...

Оштун мэри Жетигенов шаардык кеңештин чечимин депутаттардын жеке кызыкчылыгы деп түшүндүрдү

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Ош шаардык кеңешинин чечими тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал депутаттардын “шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатат” деген дооматын четке кагып, токтомдордун 95% аткарылганын, калган 5% да ал бул кызматка келгенге чейин кабыл алынган токтомдор экенин айтты. “Депутаттардын жеке кызыкчылыктары бар. Эки жума мурун шаардык кеңештин төрагасы мени менен жолугам деп кезиккенбиз. Ал “депутаттар шаардын күнү белгиленгенде тамакка чакырган жок... Читать дальше...

Кыргызстанда диабетке чалдыккандар жыл сайын 5-7 миңге көбөйүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандар жыл сайын кеминде 5-7 миңге көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн 14-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеме Диабетке каршы эл аралык күнгө карата жарыялаган маалыматында азыркы тапта  Кыргызстанда кант диабети деген диагноз менен каттоодо тургандар 74 810 адам экенин кошумчалады. Диабет дүйнө жүзүндө эң көп катталуучу өнөкөт илдеттердин бири, соңку кезде ал, адистердин айтымында, улам курчуп бараткан социалдык көйгөйгө айланууда. Дүйнөдө ар бир... Читать дальше...

Болат Назарбаевдин сөөгү туулган айылында жерге берилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-ноябрда Алматы облусунун Карасай районундагы Шамалган айылында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевдин сөөгү жерге берилди. Болат Назарбаев 13-ноябрда, 71 жашка караганда көз жумган. "Азаттыктын" казак кызматы тажия өтүп жаткан үйдө полиция жүргөнүн, сөөктү жерге берүү зыйнатын тасмага тартууга уруксат берилбегенин маалымдады. Маркумдун жакындарынын бири Казакстандын экс-президенти тажияга бир күн мурун келгенин журналисттерге билдирди. Анын... Читать дальше...

Ош шаарынын депутаттары мэр Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңеши бүгүн 14-ноябрда өтүп жаткан кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдошту, үчөө каршы болушту. Мэр боюнча жана вице-мэрлерди кызматтан алуу тууралуу сунуштарын Ош шаарынын депутаттары бүгүн айтып чыгышкан, аларды бардык фракция лидерлери колдошкон. Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкенин,... Читать дальше...

"Сирияда даярданган, банк тоношкон". Эл аралык террордун Оштогу карааны

Azattyk.org 

Ошто ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шек саналып кармалган 11 кишинин тогузунун бөгөт чарасы каралып, эки айга камалды. Милиция бул топтун мурда жасалган жана даярдалып жаткан 29 кылмыш иши аныкталганын жана буга катышы бар башка шектүүлөргө да издөө жарыяланганын кабарлап, аларды “эл аралык террордук топтордун Кыргызстандагы мүчөлөрү” деп мүнөздөдү. "Сирияда даярдыктан өткөндөрү бар" “Булар чет өлкөлөрдө аракеттенип жаткан экстремисттик жана террордук согуштук топторду... Читать дальше...

Оштогу куралдуу топ эл аралык террорду каржылаганбы?

Azattyk.org 

Ошто ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шек саналып кармалган 11 кишинин тогузунун бөгөт чарасы каралып, эки айга камалды. Милиция бул топтун мурда жасалган жана даярдалып жаткан 29 кылмыш иши аныкталганын жана буга катышы бар башка шектүүлөргө да издөө жарыяланганын кабарлап, аларды “эл аралык террордук топтордун Кыргызстандагы мүчөлөрү” деп мүнөздөдү. "Сирияда даярдыктан өткөндөрү бар" “Булар чет өлкөлөрдө аракеттенип жаткан экстремисттик жана террордук согуштук топторду... Читать дальше...

Кыргызстанга тогуз айда 122 миңден ашуун автоунаа алып келинди

Azattyk.org 

2023-жылдын январь-сентябрында Кыргызстанга чет жактардан жалпы 167 млрд сомдук 122 миңден ашуун жеңил автоунаа алып келинди. Былтыркы тогуз айда болгону 25 миңден ашык жеңил машине алып келинген. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, быйыл Түштүк Кореядан импорттолгон автоунаалар басымдуулук кылат. Бул өлкөдөн 28 млрд сомго 38 275 даана автоунаа алып келинген. Кытайдан 45,4 млрд сомдук 32 573 автоунаа импорттолсо, АКШдан 13,5 млрд сомго 15 миң машине алып келинген. Кыргызстанга Орусиядан - 10,8 миң... Читать дальше...



Газада ооруканаларда жарык өчтү, күйүүчү май түгөндү

Azattyk.org 

Палестин анклавындагы ири Аш-Шифа ооруканасы жөөт армиясынын аба соккуларынан катуу жабыркаса, Ал-Кудс ооруканасы күйүүчү май жана жарык жоктугунан ишин токтотту. Израил Газа тилкесиндеги ири медициналык комплекстин ичине жана астына ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп таанылган) командалык пунктту жашырган деп айыптады. Радикал топ менен оорукана жамааты аны четке каккан. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) аба соккуларынан кийин Аш-Шифа ооруканасы кыйсыпыр түшүп, жарадар болгон же жакындарын жоготкондордун ызы-чуусуна толду. Читать дальше...

Кулубаев мигранттар кайтып келсе жумуш бар экенин билдирди

Azattyk.org 

Учурда Кыргызстанда 60 миң иш орду бар, чет жактан кайтып келип жумуш караштырып жаткан мигранттар ишке орношо алат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Мекендештер -2023" форумунда билдирди. Министр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын, долбоор боюнча 10 миңден 30 миңге чейин жумуш оруну түзүлөрүн, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна да жумушчулар керек экенин айтты. Кулубаев ошол эле учурда кыргызстандык мигранттар Түштүк Корея... Читать дальше...

Бишкекте "Мекендештер -2023" форуму өтүп жатат

Azattyk.org 

Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму быйыл алтынчы жолу өтүп, бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте башталды. 200дөн ашык киши катышкан форумга мекендештерден тышкары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышууда. Форумдун максаты - сырттагы мекендештердин каражатын жана күчүн өлкө аймактарындагы социалдык... Читать дальше...

Сырттагы мигранттардан келген акча көбөйүүдө

Azattyk.org 

Сентябрь айында Кыргызстанга сыртта жүргөн мигранттардан 174 млн доллар келген. Бул августтагы көрсөткүч -155,9 млн долларга караганда 18,5 млн долларга көп. Ошол эле учурда  былтыр сентябрдагы жеке которулган акчанын суммасы - 291,9 млн долларга караганда 117,5 млн долларга аз. Улуттук банктын маалыматында, эң көп акча - 159 млн доллар Орусиядагы мигранттардан жеке которулган. АКШдан 2,9 млн доллар, калган бардык өлкөлөрдөн чогулуп 8,6 млн доллар жиберилген. Жалпы жыл башынан бери сыртта... Читать дальше...

Еврокомиссия Орусияга жаңы санкцияларды киргизери күтүлүүдө

Azattyk.org 

Еврокомиссия шаршембиде Орусиянын экономикасына каршы кезектеги 12-санкцияны киргизери күтүлүүдө. Анын ичинде Орусиянын алмазын экспорттоого да тыюу салынарын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 13-ноябрда билдирди. Жаңы документте мунай баасына таасир этүүчү чектөөлөр, экономиканын тармактарына жана айрым адамдарга карата жеке санкциялар салынары белгиленген.  Еврокомиссия документти шаршембиде колдоп берсе, андан кийин биримдикке мүчө өлкөлөрдүн макулдугун алуу зарылдыгын Reuters маалымдады. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *