Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 30.11.2023

"МАИден качкан". Окуучу сүзгөн Элзаданын беш баласы энесиз калды

Azattyk.org 

Нарында жол кырсыгынан каза болгон 41 жаштагы аялдын өлүмүнө 8-класстын окуучусу шек саналууда. Ал окуя болгон күнү бир тууган агасынын автоунаасын уруксатсыз айдап чыкканы айтылууда. Өспүрүм милиция кызматкерлеринен качам деп, жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.   "Уулун үйлөнтүүгө жетишпей калды" 41 жашында бейажал кеткен Элзада Ибраеванын беш баласы энесиз калды. Балдардын улуусу 22 жашта, кичүүсү жаңы эле төрткө толгон. Ал азыр апасын издеп, куса болду. Маркумдун бир тууган иниси Бакай Ибраев... Читать дальше...

Газада барымтага алынгандардын дагы бир тобу бошотулду

Azattyk.org 

Газа тилкесинде ХАМАС радикал тобунун барымтасында турган дагы 14 киши 29-ноябрдын кечинде бошотулду. Алардын 10у Израилдин жараны, экөө Таиланддын тургундары экени маалымдалды. Анын алдында Орусия менен Израилдин кош жарандыгы бар эки аял бошотулганы айтылган. АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо режиминин алтынчы күнү аяктады. Маалымат каражаттары эл аралык арачылар Газа тилкесинде ок атпоо режимин улантуу аракетин көрүп жатканын жазды. Читать дальше...

"Эл көйгөйүн сатира менен айтыш керек"

Azattyk.org 

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы Бишкек шаарында алгачкы отчеттук концертин өткөрдү. Эгемендик мезгилдерде чыгармачыл жамааттын борбордо маданий саамалыктары уюштурула элек болчу. Облустук филармониянын кызматкерлери "Азаттыкка" маек куруп, маданий жайдын жаңылыктары, аймактагы интеллигенция өкүлдөрүнүн коом алдындагы жоопкерчилиги тууралуу кеп кылышты.

“Дордой” базарынын айрым соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты

Azattyk.org 

30-ноябрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын айрым соодагерлери салык саясатына каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагында жүргөндөрдүн ишинин тартибинде түшүнбөстүктөр көп экенин айтып жатышат. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышууда. 29-ноябрда эле Оштогу Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын... Читать дальше...

Депутат Түлөбаев ишкерлерге салык системасы тууралуу маалымат жетпей жатканын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканын айтып сынга алды. Ал Кыргызстандагы чоң-чоң базарлар – “Дордой”, Кара-Суу, “Ош” базарларында иштеген соодагерлер салыкты кандай төлөй турганы тууралуу дагы деле маалыматы жок экенин билдирди. “Киреше 8 миллиондон ашса эмне болот, 10 миллиондон ашса кандай болот, 20 миллиондон көп болсо эмне болот эч ким билбейт. Ушундан улам чатак чыгып атат. Читать дальше...

"Кумтөр иши": Бабанов жалгыз акталганбы?

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине байланыштуу жыйырмага жакын мурдагы жогорку кызмат адамдары жоопко тартылганын билдирди. Ташиев кылмыш иши козголгондор арасынан мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жалгыз акталып чыкканын айтты. Түшүнүктүү болушу үчүн Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш иштерин экиге бөлсөк болот. Бири - кенди Кыргызстан толук алгандан кийинки Тенгиз Бөлтүрүк баштаган мурдагы жетекчилерге козголгон кылмыш иши. Экинчиси... Читать дальше...

УКМК Сузакта “Йакын инкар” агымынын активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Жалал-Абаддын Сузак районунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын ишине бөгөт коюлганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 28-ноябрда Сузакта “Йакын инкардын” активдүү мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” беренеси менен айып тагылды. Алар Сузак районунунда экстремисттик идеологияны жайылтуу жана таратуу боюнча иш алып барышканы аныкталган. Читать дальше...

Социалдык тармактарда тууну өзгөртүүгө каршы флешмоб өтүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип флешмоб өткөрүп жатышат. Фейсбукта “желегимди жерибе”, “желекке тийбе” деген постторду жарыялап, президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда. Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Желекти өзгөртүү... Читать дальше...

Алматыда хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында 30-ноябрдын таңында хостелден чыккан өрттөн 13 киши каза болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянып жазды. Алдын ала маалыматта, үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы хостелди өрт чалган. Анда 72 киши болгон. Алардын ичинен 59 адам өз алдынча качып чыгып, калгандары түтүнгө ууланып калган. Дагы үчөө ооруканага жеткирилди. Өрттү өчүрүү үчүн 13 техника тартылып, 46 өрт өчүрүүчү иштеди. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Читать дальше...

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Киссинжер 100 жашында дүйнө салды

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер 100 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Reuters агенттиги маркум өзү негиздеген Kissinger Associates консалтинг компаниясына шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, ал 29-ноябрда АКШнын Коннектикут штатындагы үйүндө көз жумган.   Генри Киссинжер 1960-1970-жылдары АКШнын ошол кездеги президенттери Ричард Никсон менен Жералд Форддун тушунда тышкы саясат боюнча кеңешчи, андан кийин мамлекеттик катчы болуп иштеген. Ал Вьетнамдагы согуштун аякташына... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *