Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 17.10.2023

УКМК Даниел Ажиевдин мамлекетке 44 млн сом которгонун четке какты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети веб-кам студияларды иштетүүгө айыпталган Даниел Ажиев мамлекетке өз ыктыяры менен 44 миллион сом берген деген маалыматты четке какты. Мекеменин 17-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, атайын кызмат Ажиевдин кылмыштуу ишмердиги менен анын мүлкүн тактоо боюнча иш алып барган. Ажиев бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн тергөөгө 500 миң АКШ долларын мамлекетке которууну сунуштаган. “Жыйынтыгында Ажиевдин аялынан 500 миң доллар акча алынып, тергөөнүн алкагында мыйзамда көрсөтүлгөн шартта камакка алынган. Читать дальше...

Зулушев жаңы ат майдандын долбоору даяр болгонун айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын башкы прокурору, Эл аралык Көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев жаңы ат майдандын долбоору иштелип чыкканын айтты. Бул тууралуу ал 17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын кезектеги жыйынында билдирди.  “Өткөн жумада  президент Садыр Жапаров мага тапшырма берди. Тийешелүү кызматкерлер тарабынан жаңы ипподромдун долбоору чийилип бүттү. 20 миң орундуу болот. Жаңы иппопромду курууга пост ГАИ (Бишкектин батыш тарабы) жактан 210 гектар жер бөлүү маселеси кийинки жума өкмөттө каралат”, - деди ал. Читать дальше...

Президент пара алууга шектелип камалган судьяны кызматтан убактылуу четтетти

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек шаар сотунун судьясы Назгүл Илиязованы кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу жарлыгын чыгарды. Бул тууралууу Юстиция министрлиги маалымдады.  Ага ылайык, президенттин бул чечими Соттор кеңеши аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук бергенден кийин кабыл алынган. 27-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова 5 миң доллар пара алууга шек саналып кармалганын билдирген. Читать дальше...

Польшадагы шайлоодо оппозициялык блок жеңди

Azattyk.org 

Польшанын Шайлоо комиссиясы добуштардын 100% санап бүткөндөн кийинки жарыяланган жыйынтыкка ылайык, вице-премьер-министри Ярослав Качиньский башында турган, бийликтеги «Укук жана адилеттик» партиясын шайлоочулардын 35,38% колдоду.  Экинчи орунга Польшанын мурдагы өкмөт башчысы Дональд Туск жетектеген, оппозициядагы «Жарандык платформа» кыймылы 30,7% добуш менен чыкты. Андан тышкары оппозициядагы "Үчүнчү жол" жана "Жаңы солчулдар" партиялары добуштардын 14,4% жана 8,61% алышты. Rzeczpospolita басылмасы жазгандай... Читать дальше...

Бишкекте зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүүчү борбор ачуу маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Борбор калаада зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга түрдүү жардам берүүчү борбор ачуу маселеси бүгүн, 17-октябрда Министрлер кабинетинин гендерлик өнүгүү кеңешинин отурумунда көтөрүлдү. Отурумдун катышуучулары акыркы убактарда катталган кыз-келиндерге жасалган зомбулук окуяларды талкуулап, адам укугун коргоого багытталган 16 күндүк өнөктүктүн планын бекитишти. Ошондой эле Бишкекте зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам берүүчү борбор ачуу боюнча чечимдин долбоорун түзүү Эмгек,... Читать дальше...

Саясатка жаңыдан келген 35 жаштагы Нобоа Эквадордун президенти болуп шайланды

Azattyk.org 

Эквадордо мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Даниель Нобоа шайланды. Башкы атаандашы Луиза Гонсалестен төрт пайыз добуш менен алдыга озгон 35 жаштагы Нобоа Эквадор тарыхындагы эң жаш президент болуп калды. Нобоа саясатка жаңыдан эле аралашкан. Анын атасы, ири ишкер Альваро Нобоа беш жолу президенттик шайлоого катышып, уткан эмес.  Маалымат каражаттары жазгандай, жаңы мамлекет башчынын алдында биринчи кезекте коронавирус пандемиясынын кийинки экономиканы калыбына келтирүү жана Эквадордогу кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси турат. Читать дальше...

Зулушев тартип сакталбаса, мамлекеттик иш-чараларда көкбөрү ойнолбой турганын айтты

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев коопсуздук, тартип сакталбаса, мамлекеттик иш-чараларда көкбөрү оюну өтпөй турганын билдирди. Зулушев бул тууралуу 17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын кезектеги жыйынында айтты. “Коопсуздук боюнча чоң маселеси бар. Кечээ Кочкордо Ормон Хандын 230 жылдыгында ат оюндары өттү. Бирок көкбөрү өткөн жок. Баарыңыздар көрдүңүздөр, сездиңиздер. Президент Садыр Нургожоевичтин сөзүн айтайын. Ал Оштогу 31-август эгемендик күнүндө болгон оюндан кийин... Читать дальше...

Дербишева бейөкмөт уюмдар өкмөткө жардамчы болуп жатканын айтты

Azattyk.org 

"Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда бейөкмөт уюмдардын ордун белгилеп кетти. "Элет жеринде көйгөйлөр аябай көп. Жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн, парламенттин аларды чечүүгө эч колу тийбейт. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өкмөткө, бийликке жардамчы катары иштейбиз. Былтыркы Баткенде болгон кыргыз-тажик жаңжалында да биз, мамлекеттик эмес уюмдардын активисттери, алгачкылардан болуп ыктыярчыларды уюштуруп... Читать дальше...



УКМК абактагы экс-министр Кутманованын уулу Түркиядан экстрадицияланганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов Түркиядан Кыргызстанга алып келингенин 17-октябрда билдирди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн 29-майда Казакстанга чыгып, кийин Москвада жүргөнү, 19-июндан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жашап жатканы аныкталган. “Интерпол” аркылуу издөө жарыяланган соң Кутманов кармалып... Читать дальше...

Бельгиянын полициясы эки кишинин өлүмүнө шектүүнү жок кылды

Azattyk.org 

Бельгиянын полициясы Брюсселдин көчөсүндө эки кишини атып өлтүрүүгө шектүүнү жок кылганын 17-октябрда билдирди. 16-октябрдын кечинде белгисиз адам швециялык эки футбол күйөрманын өлтүрүп, үчүнчүсүн жарадар кылып кеткен. Кылмышкер окуя болгон жерден дароо из жашырган. Кийин шектүү Тунисте туулуп өскөн 45 жаштагы адам экени аныкталган. Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кроо окуяны "террордук акт" деп мүнөздөп, бийлик өлкөдөгү коркунуч деңгээлин жогорку чекке чейин көтөрдү. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай... Читать дальше...

Өкмөттүк эмес уюм чек арадагы аялдарга колдоо көрсөттү

Azattyk.org 

"Баарлашуу, ишеним, укук" коомдук бирикмеси Баткен районунун Тажикстанга жакын Самаркандек, Актатыр, Ак-Сай жана Кара-Бак айыл аймактарынан 30 кыз-келинге ишкердик жүргүзүү үчүн шаймандарды таркатты. Эл аралык каржылык уюмдун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Аялдар тынчтык үчүн» долбооруна чек арадагы айылдардан 300дөй кыз-келин кайрылып, аладан отузу тандалып алынган. Алар кыз-келиндер үчүн бизнес долбоорлорду жазуу, ишкердикти жандантуу сыяктуу атайын окуулар уюштурулуп, чек ара айылдарында ишкердигин жасоо үчүн бизнес долбоорлор жазылган. Читать дальше...

Ленин райондук сотунун судьясы пара алууга шек саналып, камакка алынды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы 17-октябрда пара талап кылуу фактысы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. жана анын консультанты менен жакын досу кармалганын билдирди. Иликтөө ишинин жүрүшүндө судьянын банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап акча талап кылуу жана ири өлчөмдө пара алуу фактылары катталган. УКМК билдиргендей, анын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. кылмыш ишинде шек саналып жаткан адамдардан акча алып турганы аныкталган. Тергөө... Читать дальше...

«Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы үчүн Евробиримдик Кыргызстанды ВСП+ макамынан ажыратышы мүмкүн экени айтылды

Azattyk.org 

«Чет өлкөлүк өкүл» жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса Евробиримдик Кыргызстанды ВСП+ макамынан ажыратышы ыктымал деген коркунуч жаралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште аталган мыйзам боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди. Ал Евробиримдик Кыргызстанда талкууланып жаткан бул мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алганын, ВСП+ жеңилдиктер макамы дүйнөдө саналуу гана өлкөгө берилгенин эскертти жана ишкерлер, бизнес коомчулук депутаттардын... Читать дальше...

18-октябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

18-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4... Читать дальше...

HRW Жогорку Кеңешти "чет өлкөлүк өкүл" мыйзамын артка кайтарууга чакырды

Azattyk.org 

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча кайрадан тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун 17-октябрда тараткан билдирүүсүндө, бул мыйзам кабыл алына турган болсо, ал “өлкөнүн жигердүү жарандык коомуна терс таасир этип, алардын карапайым жарандардын укуктарын коргоосуна, социалдык кызматтарды көрсөтүүсүнө жана күчтүү, инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө кедергисин тийгизери” айтылат. Билдирүүдө мыйзам долбоору өкмөткө бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө үчүн ашыкча ыйгарым укуктары берери... Читать дальше...

БУУ өкүлү "чет элдик өкүл" мыйзамы адам укугуна жана өнүгүүгө коркунуч жаратарын айтты

Azattyk.org 

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынса Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жараларын бүгүн 17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве белгиледи. Ал сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорундагы көпчүлүк беренелер Кыргызстандын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин билдирди. Ошону менен катар кылмыш жоопкерчилигинде каралган 10 жылга... Читать дальше...

Мамлекеттик органдар "чет элдик өкүл" мыйзамы боюнча позициясын билдиришти

Azattyk.org 

Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген “чет элдик өкүл” мыйзам долбоору аркылуу Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн 17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Жогору соттун мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова билдирди. Анын айтымында, Жогорку сот сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун концепциясына негизинен каршы эмес, бирок Кылмыш-жаза кодексин толуктоо тууралуу норманы алып салууну сунуштайт... Читать дальше...

Көкбөрү федерациясына жаңы президент шайланды

Azattyk.org 

17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын кезектеги жыйыны өтүп, анын жаңы президенти болуп Рамис Жунусалиев шайланды. Жыйында федерациянын мурдагы президенти Талас Бегалиевдин отчётун угуу жана жаңы президентти шайлоо маселеси каралган. Шайлоого катышкан 58 делегат жалгыз талапкер Жунусалиевди бир добуштан колдоду. Жыйынга Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов жана Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрү катышты. Читать дальше...

Алматыда камалган кыргыз жараны кыйноого кабылганын айтууда

Azattyk.org 

Алматыда жашаган кыргызстандык Фарходжoн Эркинбаев тергөө учурунда жалган көрсөтмө берүүдөн баш тарткандан кийин күбөдөн шектүүгө айланып, азыр иши сотко өткөнү белгилүү болду. Туугандары ал тергөө абагында кысымга кабылганын айтышууда. Адвокаттын айтымында, кыйноолор боюнча иш жана тергөө жай жүрүп жатат. "Жалган күбө болууга мажбурлап..." 43 жаштагы Кыргызстандын жараны Фарходжoн Эркинбаев Алматыдагы чакан пластик терезелерди чыгарган заводдо инженер болуп иштеген. Анын аялы Зарина Машрапова - Казакстандын жараны. Читать дальше...

Кыргызстан Индия жана Кытайдын айрым жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинети Индиянын жана Кытайдын жарандарына белгилүү шарт менен жети күнгө визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды. Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көп жолу жана узак мөөнөткө виза ачтырган индиялык жана кытайлык жарандар Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз режим менен кире алары жазылган. Кайра кирүүнү каалагандар Кыргызстандан чыгып кеткенден 21 күн өткөндөн кийин кайра кирсе болот.  Ошондой... Читать дальше...

“Чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча парламенттик угуу өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн 17-октябрда Жогорку Кеңеште “чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Ага депутаттардан тышкары тийиштүү мекеме-уюмдардан 106 киши катышууда Мыйзам долбоорунун максаты тууралуу анын демилгечиси, депутат Надира Нарматова маалымат берүүдө. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде жана Конституциялык мыйзамдар... Читать дальше...

Кызылчага каршы эмделбеген балдар боюнча чектөө эскертүүсү берилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда кызылча (корь) боюнча кырдаал оорлоп, бала бакчаларда жана мектептерде ооругандар көбөйө баштаганын бүгүн 17-октябрда Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуу жылы башталгандан бери окуучулар жана бала бакча тарбиялануучулары арасында ооругандар көп каттала баштагандыктан эмделбеген балдардын башкалар менен аралашуусуна жол бербөө тууралуу эскертүүлөр берилди. Жыл башынан бери 16-октябрга карата Кыргызстанда кызылча менен 2842 бейтап катталды (алардын 2628и балдар)... Читать дальше...

АКШ президенти иш сапар менен Израилге барат

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден 18-октябрда иш сапар менен Израилге барат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тель-Авивде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана израилдик аскерлер менен дээрлик сегиз саатка созулган сүйлөшүүлөрдүн соңунда билдирди. «Президент АКШнын Израил менен тилектештигин жана анын коопсуздугуна карата бекем ниетин тастыктайт. Президент Байден ХАМАС 1400дөн ашуун адамды, анын арасында 30дай америкалыкты өлтүргөндөн кийин дароо билдиргендей... Читать дальше...

Баткенде чек арадагы жергиликтүү кеңештин аял депутаттары үчүн бир жылдык долбоор башталды

Azattyk.org 

«Баарлашуу, ишеним, укук» коомдук бирикмеси Баткен районунун Тажикстанга жакын жайгашкан Самаркандек, Актатыр, Ак-Сай жана Кара-Бак айыл аймактарындагы аял депутаттардын лидерлигин колдоо максатын көздөгөн атайын долбоорун баштады.   “Баткен облусунун чек ара аймактарындагы аялдардын лидерлигин бекемдөө” долбоорунун алкагында тандалган жергиликтүү кеңештин 25 депутаты бир жыл бою активдүүлүгүн арттыруу багытында иш-чаралар уюштурулат" деп айтылат маалыматта.  Баткен облусу боюнча жергиликтүү кеңештин 661 депутаты болсо... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *