Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 30.10.2023

Нурзада: Мен роботторду сүйлөтүп, кыймылга келтирем

Azattyk.org 

35 жаштагы Нурзада Макеева адамдын жашоосун жеңилдете турган роботту программалап чыкты. Ал Германиядагы Hymmen GmbH Maschinen- und Anlagenbau аттуу машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп иштейт. Нурзаданын эмгеги тууралуу Германиянын Гамбург шаарында октябрь айынын башында өткөн кыргыздардын IT конференциясында маек курдук. - Нурзада айым, роботуңуз жөнүндө айтып берсеңиз. Адамдын жашоосун жеңилдетет деп калдыңыз. Конкреттүү эмне иш кылат? - Мен программалаган роботтор адамга шерик болот. Читать дальше...

"Күн кармаган бала" спектакли Азербайжанда көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры койгон "Күн кармаган бала" спектакли Азербайжанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштурган фестивалга катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Спектаклди кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон.  ТҮРКСОЙдун фестивалы Азербайжанда 30-октябрдан 4-ноябрга чейин өтөт.   Спектакль 2023-жылы Бишкекте өткөн "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында 17 спектаклдин арасынан баш байге алган.

Баткенде аялдардын коопсуздукту, тынчтыкты сактоодогу орду талкууланды

Azattyk.org 

Баткенде “Аялдардын катышуусу – тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги” аттуу форум уюштурулуп, анда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясынын өлкөдө ишке ашыруунун жыйынтыктары талкууланды. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму демилгелеген иш чарага жергиликтүү бийликтен, Ички иштер министрлигинен, аялдар укуктары менен алектенген уюмдар жана өлкө боюнча бардык облустардагы демилгелүү топтордун өкүлдөрү катышты. Форумдун жүрүшүндө аялдардын коопсуздукту камсыздоо, тынчтык орнотуудагы орду... Читать дальше...

Кара-Балтада өспүрүмгө ок тийген мушташка байланыштуу шектүү кармалды

Azattyk.org 

Кара-Балта шаарында өспүрүмгө ок тийип, жаракат алган калайман мушташка байланыштуу 18 жаштагы шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 30-октябрда кабарлады. Маалыматта айтылгандай, 25-октябрда түнкү саат 1:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы “Сосновка бурулушу” деп аталган тилкеде 2005-2007-жылы туулган өспүрүмдөрдүн арасында мушташ болгон. Жапырт мушташтын катышуучуларынын бири аңчылык куралдан ок чыгарып, натыйжада 2008-жылы туулган М.Ч. аттуу өспүрүмдү жарадар кылган. Читать дальше...

Сокулукта колу-буту байланып, эстен танган өспүрүм кыздын окуясы иликтенип жатат

Azattyk.org 

Чүйдүн Сокулук районундагы Биринчи Май айылында колу-буту байланып, көчөдө табылган өспүрүм кыз тууралуу окуя иликтенип жатат. Бул жөнүндө "Азаттыкка" Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 30-октябрда маалымдады. Маалыматка караганда, окуя 24-октябрда болгон. Көчөдө өспүрүм кыздын колу-буту байланган абалда жатканын көргөн кошуналары милицияга кабар берген. Окуяны Сокулук райондук милициясы каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады. Бул ишти облустук милициянын жетекчилиги... Читать дальше...

Кызыл-Кыяда бир адамды атып кеткен киши шериги менен Тажикстандан кармалды

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында дүкөндө ок атып, киши өлүмүнө алып келген кылмыштан соң изин жашырып кеткен жаран Тажикстандан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Окуя 25-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда 27 жаштагы И.У. ок атуучу курал менен 32 жаштагы шеригин атып салган. Октон жараат алган жаран Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгерлик - практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон. Читать дальше...

Министрлик өз өмүрүнө кол салган окуучу тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон 9-класстын окуучусу тууралуу маалымат берди. Мекеменин маалыматына караганда, шаардагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин окуучусу 2023-жылдын 27-октябрында кечки саат 21:00-21:30дар чамасында каза болгон. "27-октябрда каза болгон баланын апасы Н.О. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Читать дальше...

Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу балбан Мурат Рамонов кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын операция маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз мүлктөрүн аныктоо чараларынын жүрүшүндө Мурат Рамонов кармалганын билдирди. Ал Көлбаевдин "рэкетчилик, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталганы" айтылат. "Тактап айтканда, 2020-жылдын... Читать дальше...

Махачкала: антисемиттик акцияда миңдей киши аэропортту басып алды

Azattyk.org 

29-октябрда антисемиттик нааразылык акциясына чыккан миңге жакын адам Тель-Авивден учак каттамы келер алдында Махачкала аэропортун басып алды. Бул тууралуу "Кавказ. Реалии" басылмасы жазды. Чогулгандар Израилге каршы нааразылык билдирип, жөөттөрдүн аймактан чыгарылышын талап кылышкан. Бул Чеченстандагы согуштан кийин орус бийликтери бир канча убакытка ири шаарлардын бириндеги аэропортту толугу менен көзөмөлдөн чыгарган биринчи учур. Аэропорт каттамдардын учуп-конушуна жабылып, шаарга келген учактар башка аймактарга жөнөтүлдү. Читать дальше...

Дөөлөтбек Сапаралиев: Дүбүртү күчтүү тарыхчы 70ке келди

Azattyk.org 

Кыргыздын белдүү тарыхчыларынын жана архив таануучуларынын бири Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев 70 жаштын белин ашты. XVII – XX кылымдардагы чөлкөмдүн жана атамекен тарыхынын устаты жана анын бабалары тууралуу баянга чакырабыз. Тарыхчынын блогу.   Илимге арбын саамалык киргизген адис Профессор Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев агай – аты Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да таанымал заманбап тарыхчы. Ал 450дөн ашуун ар кыл эмгек жарыялаган, анын ичинде 6 монография, 4 брошюра, 6 усулдук китепче... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *