Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Сот "Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызын кароону 7-мартка жылдырды

0
Сот

Бишкектин административдик соту "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызы боюнча жараянды 7-мартка жылдырды.

 

Буга “Настоящее время” телеканалынын Кыргызстанда юридикалык жак болуп катталып-катталбаганы боюнча Юстиция министрлигинен сотко жооп келбегени негиз болду.

17-февралдагы сотто “Настоящее время” каналынын юридикалык макамын аныктоо боюнча Юстиция министрлигине кат жөнөтүлүп, отурум 2-мартка белгиленген. 

Аталган министрлик 26-октябрда  “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

"Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келишет. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *