Өзгөндө жер көчкү айдоо жерди басып калды
Өзгөн районундагы жер көчкүдөн 120 жаран коопсуз жерге эвакуация болду. Көлөмү 1.3 млн. метр куб жер сүрүлүп, элдин айдоо жерин, тал-теректи басып калган. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок. Бул аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жер көчкү жүргөн аймакка "Азаттыктын" кабарчысы барып келди.