Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 28.03.2023

Сөз эркиндиги: Суракка алынган блогер жана журналист

Azattyk.org 

Блогер Афтандил Жоробеков милицияга сурак берип чыкты. Ал муну Инстаграм социалдык баракчасындагы посттору үчүн бийликтин кысымы катары баалады. Анын алдында эркин журналист Ыдырыс Исаков, блогер Улукбек Карыбек уулу да укук коргоо органдарына суракка барган. Афтандил Жоробеков Инстаграмдагы bespredelkg30 баракчасынын түзүүчүсү Бишкектин Октябрь райондук милициясына суракка 25-март күнү барган. Блогердин айтымында, аны милиция Кылмыш жаза кодексинин 330-беренеси, тактап айтканда, "Расалык... Читать дальше...

Памирликтердин кыялы менен кусалыгы

Azattyk.org 

Ооган кыргыздарынын тагдыры, кыялы менен кусалыгы жөнүндө тартылган тасманын бет ачары Прага шаарында өттү. “Үркөр, үркөр үч жылдыз, үркүп кайда барасың” деп аталган даректүү тасмада адегенде Нарынга, анан Алайга көчүрүлгөн үй-бүлөлөрдүн тарыхый журтунда баштан кечирип жаткан турмушу көрсөтүлгөн.

"Уулдуу болсун деп макул болгонбуз". Мүлк талаш көп аялдуулук маселесин козгоду

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Жогорку Сотко чейин жеткен мүлк талаш мураскер, экинчи аял жана укукка байланыштуу маселени козгоду. Мындан үч жыл мурда Нурзат Акматова мураскер экенин айтып атасынын көзү өткөндөн кийин анын расмий никеге турбаган экинчи аялы Наркан Назарматованы сотко берген. Райондук сот менен Жогорку Сот доогердин пайдасынан чечим чыгарган. Жоопкер тарап болсо сот адилетсиздик кылганын, мүлк тууралуу негизги жагдайды эске албаганын айтып жатат. Юристтер соңку кездери кыргыз коомчулугунда мураскер... Читать дальше...

Мандаттан ажыраткан мушташ: Аткаминерлерди адепке ким чакырат?

Azattyk.org 

Ресторандагы мушташтан соң депутаттык мандатынан ажыраган Жаныбек Абировдун окуясы мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум этикасын эске салды. Айрымдар экс-депутаттын чечимин «үлгү алчу кадам» деп мактаса, башкалар мыйзамды сыйлаган өлкөдө андай жорукка жол берилбей турганын белгилешет.

Мамлекеттик мүлк фонду агенттик болуп кайра түзүлөт

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлигинин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди. Анда мындай чара мамлекеттик мүлктү башкарууда ыйгарым укуктуу органдардын ишин оптималдаштыруу жана укук-милдеттерин күчөтүү үчүн жасалганы айтылат. Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы мамлекеттик мүлктү башкаруудагы... Читать дальше...

“Алга, Каракалпакстан” кыймылынын жетекчиси сыртынан соттолууда

Azattyk.org 

Өзбекстандагы Каракалпакстан автоном республикасында "Алга, Каракалпакстан" кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев менен Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Ниетбай Уразбаев сыртынан соттолууда. Аларга былтыркы Нукустагы окуяларга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ишти каракалпак сотунун Кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы карап жатканын Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди. 55 жаштагы Сагидуллаев Норвегиядан башпаанек алган, 53 жаштагы Уразбаев Казакстанда жашайт.... Читать дальше...

Тажикстандан көчүп келген жигиттин сабалышынын чоо-жайы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Бишкектин Алтын-Казык конушунда 25-март күнү кечинде Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген 21 жаштагы Нурмухаммед Султановду сабап кетишкен. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын атасы Мухаммед Иса Алишеров билдирди. "Тараба намазына мечитке барып, уулум теспе тартып жатканда адашып калыптыр. 1967-жылы туулган коңшубуз аны угуп калып, балага асыла берген. Намаз бүтүп көчөгө чыкканда да уулума асылган. Уулум "кечирип коюңуз" дегенине болбой жакалап, артынан кубалап барып, эки уулун да чакырып чыгып сабап койгон. Читать дальше...

Израил: Cот реформасы эмне үчүн элди чочутат?

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин атайын өкүлү Бишкекке келип, Батыштын Орусияга каршы санкцияларын колдобогон өлкөлөр аны кыйгап өтүүгө курал болбошу керектигин эскертти. Ал чектөө коюлган айрым товарлар Орусияга Кыргызстан аркылуу кирип жатканын кыйытты. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху парламентте сот реформасын кароону кийинкиге калтырууну чечти. Өкмөттүн бул чечими өлкөнү жапырт нааразылык акциялары каптаган маалда болду. Бишкекте курулушу бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. Читать дальше...



Президент Абдыгуловдун ордуна Лилия Кадырбердиеваны сунуштады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон документке ылайык, Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызмат ордуна Лилия Кадырбердиева сунушталды. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Мындай чечимге Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болгону айтылат. Лилия Кадырбердиева жөнүндө Интернетте маалыматтар дээрлик жок. Айрым маалыматтарга караганда, Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун  Вашингтондогу кеңсесинде кызматкер болуп иштеген.... Читать дальше...

Бишкекте таштандыны жер алдына чогултуу долбоору сунушталды

Azattyk.org 

28-мартта Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиевдин катышуусунда таштандыларды жер алдына чогултуучу аянтча көрсөтүлдү. Борбор калаанын Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтчада жердин алдына эки чоң таштанды контейнери коюлган. Ал эми үстүнө чакан таштанды ыргытуучу челектер орнотулат. Демилгечилердин белгилешинче, бул шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет жана таштандылардын челекке батпай жерге төгүлүшүнө жол бербейт. Читать дальше...

Түркияда оппозиция шайлоодо Эрдогандын талапкерлигин алууну талап кылды

Azattyk.org 

Түркияда оппозициялык үч партия мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдогандын талапкерлигин президенттик шайлоодон алып салууну талап кылышты. "Жакшы партия" (İyi), "Мамлекет" (Memleket) жана DEVA партиясынын өкүлдөрү өлкөнүн Жогорку шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдошту. Кайрылуунун авторлорунун айтымында, учурдагы президенттин талапкерлиги Түркиянын Конституциясына карама-каршы келет, анткени Эрдогандын президенттик экинчи мөөнөтү аяктоодо. Ал эми бийликтеги партиянын мүчөлөрү 2017-жылы өткөн конституциялык... Читать дальше...

УКМК "Тазалыктын" мурдагы жетекчиси Сарпашев 5 млн. сом төлөгөнүн билдирди  

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору Рысбек Сарпашев күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген чыгым катары 5 млн. 167 миң 600 сом төлөп бергенин кабарлады. Атайын кызмат учурда Сарпашевдин башка мыйзамсыз иштерге тиешеси бар-жогу текшерилип, кылмыш иши сотко өткөрүлөөрүн билдирди. УКМК тарабынан кармалган "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору Рысбек Сарпашев Биринчи май райондук сотунун 24-марттагы чечими менен үй камагына чыкканы белгилүү болгон. Читать дальше...

Бишкектин Ленин районунун акими кызматтан алынды

Azattyk.org 

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы 28-мартта кабарлады. Азырынча анын ордуна ким келери тууралуу маалымат жок. Русланбек Тагаев Бишкектеги Ленин районунун акими болуп, былтыр мурдагы мэр Айбек Жунушалиевдин жарлыгы менен дайындалган.(ZKo)

"Чет элдик согушкерлер жана эл аралык тынчтык" китебинин бет ачары өтүүдө

Azattyk.org 

"Чет элдик согушкерлер жана эл аралык тынчтык" деген китептин ачылышы 28-мартта ЕККУнун Бишкектеги академиясында өтүп жатат. Китептин автору - Женева шаарында жайгашкан Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова. Англис тилиндеги китеп өткөн айда жарык көрүп, илимий чөйрөдө колдоо тапкан. Китепте "Ислам мамлекети" жана ага окшош террордук уюмдардын пайда болуу себептери изилденген. Бул топтун азгырыгына кирип, учурда Сириянын жана Ирактын лагерлеринде жаткан борборазиялыктардын мисалында... Читать дальше...

Баткенде Тажикстан тарапка өтүп кеткен мал ээлерине кайтарылды

Azattyk.org 

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кызыл-Бел айылынан беш ири мүйүздүү мал кароосуз жүрүп, коңшу өлкөнүн Исфара районунун Гулистан айылына кирип кетишкен. Мал ээлеринин өтүнүчү менен райондогу Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коңшулаш Согд облусунун Исфара райондук милициясынын кызматкерлери сүйлөшүү жүргүздү. Жыйынтыгында 28-мартта беш бодо мал кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды. Чек ара аймактарында эки элдин ортосунда түрдүү пикир келишпестиктерди болтурбоо жана улуттар... Читать дальше...

Ак-Ордо: жер тилкесине байланыштуу беш киши кармалды

Azattyk.org 

Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелип Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Башкы көзөмөл орган Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин... Читать дальше...

Башка өлкөдө катталган автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полиси киргизилди

Azattyk.org 

Ушул жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик органдар жана юридикалык жактарга катталган автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, башка өлкөдө катталган машинелер дагы 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек. Ал эми жөнөкөй айдоочулар 2024-жылдын 1-январынан тартып автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшү зарыл. Жол коопсуздугун караган инспекторлорго милдеттүү көрсөтүлө... Читать дальше...

Талибдер Балх губернаторунун өлүмүнө тажик жарандарын күнөөлөдү

Azattyk.org 

Талибдер Ооганстандын Балх провинциясынын губернатору өлүмүнө "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында жүргөн тажик жарандарынын тиешеси бар деп эсептейт. "Талибан" кыймылы дайындаган Балх провинциясынын губернатору Мухаммед Дауд Музамил 9-мартта кеңесиндеги жардыруудан каза болгон. Жергиликтүү басылмалар дагы эки жай тургун өлүп, 30жай адам жараат алганын кабарлашкан. "Талибан" өкмөтүнүн Чалгындоо башкармалыгы атайын операциянын жүрүшүндө "Ислам мамлекети-Хорасан" тобунун үч жоочусу жок кылынганын билдирген. Читать дальше...

Меккенин жолунда кырсыктаган автобуста кыргызстандыктар жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сауд Арабиясында зыяратчыларды ташып бараткан автобус кырсыкка учураганы тууралуу маалыматтарды ырастады. Ага ылайык, Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29у жаракат алган. ТИМдин басма сөз кызматы Сауд Арабиясындагы элчиликтин баштапкы маалыматына таянып, учурда жол кырсыгынан жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жоктугун маалымдады. Былтыр... Читать дальше...

Чек арада окко учкан жоокердин үй музейи ачылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2022-жылы сентябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон 22 жаштагы жоокер Даниэлбек Малашовдун үй музейи ачылды. Анын ысымы көчөгө да берилди.

Бишкектеги "Сөз эркиндиги" аллеясына көчөт отургузулат

Azattyk.org 

1-апрелде "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багындагы “Сөз эркиндиги” аллеясына көчөттөр отургузулат. Иш-чараны президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы уюштурууда.  "Акцияга мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдардын коомчулук менен байланыш кызматкерлери (коммуникаторлор), мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматкерлери катышат. Иш-чара журналисттер менен коммуникаторлордун башын бириктирүү... Читать дальше...

Сузакта өз кызын зордуктоого шектелген киши кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 43 жаштагы тургуну 19 жаштагы кызын зордуктоого шек саналып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Сузак райондук милициясы билдирүү таратты. "Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 2004-жылы төрөлгөн кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылы сентябрда өз үйүндө аны атасы зордуктап койгонун билдирген. Бул факт Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө. Ушул тапта тергөө уланууда. Читать дальше...

"Унаанын" мурдагы башчысы Түмөнбаев жаңы кызматка дайындалганы белгилүү болду

Azattyk.org 

Тендер чырынан кийин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кызматынан кеткен Турусбек Түмөнбаев “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасын башкарып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын расмий сайтындагы ишканалардын жетекчилери тууралуу маалымат бөлүгүндө жазылган. Анда Түмөнбаев качан кызматка дайындалганы көрсөтүлгөн эмес. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин мурунку жетекчиси Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экени белгилүү. Ал 2021-жылы 13-сентбярда транспорт... Читать дальше...

Түркия: Кыргызстандын боз үйлөрүндө кийим тигүү ийримдери ачылды

Azattyk.org 

Түркиянын билим берүү министри Махмут Өзер Кахраманмараш аймагында зилзалада жабыркагандар үчүн тигилген боз үйлөрдө кийим тигүү ийрими жана цехи ачылганын Твиттерге жазды. Ал жарыялаган тасмада ийримдин мугалимдери чатырда убактылуу баш калкалаган кыз-келиндерге кийим-кечек тигүүнү үйрөтүп жатканы тартылган.  "Кыргыз боордоштордон келген боз үйлөрдө атайын ийрим ачып, анда күнүмдүк керектелүүчү кийим-кечектерди тигүүнү үйрөтүп атабыз", - деген мугалимдердин бири Филиз Теке. Буга чейин Стамбул... Читать дальше...

Алматыда Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында Шинжаңдагы туугандарын бошотуу талабы менен Кытай консулдугунун жанына акцияга чыккан үч активисти полиция кармап, кийинчерээк бошотулду. Окуя 27-мартта болгонун кармалгандардын бири Байболат Күнболатулы "Азаттыктын" казак кызматына билдирген. Аны менен кошо апасы Зауатхан Турсын жана Нурзат Ермекбай да болгон. Аларды милиция бөлүмүндө бир нече саат кармалып, эч кандай айып тагылбай бошотулган. Полиция буга комментарий берген жок. Казакстанда соңку кездери Шинжаңда... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *