Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 20.03.2023

Ирак согушуна 20 жыл

Azattyk.org 

Туура 20 жыл мурун, 2003-жылдын 20-мартында АКШ баштаган коалициядык күчтөр Иракка басып кирген. АКШ президенти Жорж Буш Ирак  массалык кыргын салчу куралды жайылтпоо резолюциясын бузап жатканы үчүн айыптап, Саддам Хуссейндин бийлигине чекит коюуну, регионго демократиялык өзгөрүүлөрдү алып келүүнү убада кылган. Бирок Саддамдын массалык кыргын салчу куралы ошол бойдон табылган жок. Өлкөдө саясий жана экономикалык турксуздук эмдигиче уланууда.

Памирден Ванга: Рахманкул хандын көчү

Azattyk.org 

Памир кыргыздарынын Түркиянын Ван аймагына жер оодарып, көчүп барганына 40 жыл толду. Түркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодаргандын себеби, чоң атасы Рахманкул Хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

Жалал-Абад: Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имараты курула баштады

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун үч кабаттуу имаратынын курулушу башталды. 20-мартта имараттын пайдубалына  капсула салынганын мэриядан билдиришти. Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун азыркы имараты Жалал-Абадда 75 жыл мурда салынган эски ооруканалардын бири. Аны жаңылоо талабы коомчулукта көптөн бери айтылып келаткан. Аталган борбордун 96 орунга ылайыкташкан жаңы имаратын быйыл октябрда бүткөрүү пландалган. Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору сегиз бөлүмдөн турат. Читать дальше...

БУУ эксперти: Иранда адамзатка каршы кылмышка тете мыйзам бузуулар болуп жатат

Azattyk.org 

Иран бийлиги акыркы айларда адамзатка каршы кылмыштарга барабар мыйзам бузууларды жасаганын БУУнун эксперти Жавид Рехман билдирди. Ал 20-мартта уюмдун Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңешине баяндама жасады. Рехман өз пикирин Ирандагы өлүм жазасы, камоолор, кыйноо, зордуктоо, зомбулук жана куугунтуктоо фактыларына таянып айтты. Рехман былтыр сентябрда хижаб оронуу эрежесин бузганы үчүн кармалып, адеп-ахлак полициясында көз жумган 22 жаштагы студент кыз Махса Амини ур-токмокко кабылганына далилдер бар экенин белгиледи. Читать дальше...

Ош милициясы үч жашар баланын өлүмүн териштирип жатканын маалымдады

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы үч жашар баланын өлүмү боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, окуя Ош шаарындагы Жапалак айылында 19-мартта болгон. Баланын өлүмү милицияда кокустук катары каттоого алынган. Буга чейин “Балдарды коргоо лигасы” коомдук бирикмесинин башчысы Назгүл Турдубекова үч жашар бала каза болгонун, жакындары анын өлүмүнүн себебин жашырып жатканын Фейсбукка жазган. Ал баланын жакындары анын сөөгүн дароо эле жерге бергенин... Читать дальше...

"Дөө Чыңгыздын" өлүмү: Кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлар

Azattyk.org 

Кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнүн жаңы жагдайлары соттук териштирүүдө белгилүү болду. Бишкектин Октябрь райондук сотунун 16-марттагы отурумда прокурордун айыптоо корутундусун окуду. Ага ылайык, Бишкектин №1 тергөө абагындагы кылмышты уюштурууга абак жетекчилеринин да катышы болгон. Азыркы тапта Жумагуловдун өлүмү боюнча 10 киши айыпталып жатат, анын төртөө абак кызматкери. "Акыркы жолу аялы, эжеси менен сүйлөшкөн" “Аялы аны (ред: Чыңгыз... Читать дальше...

Орусияда президенттик кеңсенин кызматкерлерине iPhone колдонууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Орусияда президенттик администрациянын ички саясий блогунда иштеген кызматкерлерге iPhone смартфондорун колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы өз булактарына таянып кабарлады. Маалыматка караганда, мындай буйрукту президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко марттын башында берген. Бийлик Apple корпорациясынын смартфондору "батыш адистеринин хакердик жана тыңчылык аракеттерине көбүрөөк кабылышы мүмкүн" деп эсептейт. Басылманын булактарынын биринин айтымында... Читать дальше...

Бишкекте “Кыргызстан-БАЭ” ишкерлер форуму өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ири ишканалары катышкан бизнес-форум өтүп жатат. Ага саламаттыкты сактоо, туризм, курулуш, товарлардын экспорт-импорту жана тамак-аш, косметика, меймандостук, акыркы инженердик жана технологиялык чечимдер, электр техникасы сыяктуу тармактардагы БАЭнин 20дан ашык алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында Кыргызстан... Читать дальше...



Анталияда Айтматов атындагы китепкана ачылды

Azattyk.org 

Түркиянын Анталия шаарынын Муратпаша районунун мэриясы Твиттердеги баракчасында 20-мартта шаарда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ишке киргенин кабарлады. Китепкана Айтматов атындагы сейил бактын ичинде орун алган. Мэриянын кабарына ылайык, ал үч бөлүмдөн турат. Анда жазуучунун түрк тилинде жарык көргөн чыгармалары турган өзүнчө бөлүм бар.   Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган "Ак кеме" жана "Кызыл жоолук жалжалым" повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто... Читать дальше...

Өзбекстандын Сох анклавында Нооруз майрамы белгиленди

Azattyk.org 

Эки элдин ымаласын бекемдөөгө багытталган майрамдык иш-чарага Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондорунун жетекчилиги баш болгон өкүлдөр катышты. Тараптар кошуна аймактарда тынчтыкты, достукту чыңдоо, туруктуулукту эки тараптуу камсыз кылуу, чарбалык маселелер жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү макулдашты. Акыркы жылдары кыргыз-өзбек чек араларында талаш-тартыштар азайып, каттамдар жөнөкөйлөштүрүлгөн. Соода-сатык мамилелер жөнгө салынган. Сох анклавынын жашоочулары майрамдык иш-чараларды биргелешип... Читать дальше...

21-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-21-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч келтирет. 21-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Читать дальше...

Нарында чогултулган оюнчуктар Түркиянын зилзала болгон аймагына жеткирилди

Azattyk.org 

Нарын шаарындагы бала бакчада чогултулган оюнчуктар Түркиянын зилзала катталган аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Анкара шаарынын Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел Твиттер баракчасында кабарлады. "Кыргызстандын Нарын шаарындагы Ататүрк бала бакчасынын окуучулары жиберген оюнчуктары зилзаладан жапа тарткан Кахраманмараш аймагындагы балдарга жеткирдик". Демирел соцтармактарда жарыялаган тасмада Нарын шаарындагы бала бакчада кутуларга оюнчуктар чогултулуп, учак менен Түркияга жөнөтүлгөнү көрсөтүлөт. Читать дальше...

Болот Темиров: Мага каршы иште Конституция да бузулганын көрүүдөбүз

Azattyk.org 

Өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров бузулган укуктарын коргоо үчүн күрөшүн улантарын 19-мартта “Арча Медиа” телеканалына курган маегинде билдирди. Ал жактоочулары менен Кыргызстандын бардык мыйзамдарын изилдеп, кош жарандык деген негизде өлкөдөн чыгарууга негиз болбогонун аныктап чыкканын айтты: “Биздин адвокаттар ошондой чечим барбы деп сурашкан. Андай чечим жок экен, себеби депортация тууралуу чечимдин уландысы деп эсептелет экен мыйзам боюнча. Ошондуктан негизги ишке жана депортация тууралуу чечимге каршы арыз берилет. Читать дальше...

"Талибандын" улук лидери тууган-таанышчылыкка каршы жарлык чыгарды

Azattyk.org 

Ооганстанда бийликтеги "Талибан" кыймылынын улук лидери Хибатулла Ахунзада тууган-таанышчылыкка (непотизмге) каршы жарлык чыгарып, аткаминерлерге тууган-туушканын мамлекеттик кызматтарга алууга тыюу салды. Ахунзада "Талибандын" бардык чиновниктерине алардын администрациясында иштеген уулдарын жана башка туугандарын кызматтан алууну буйруду. Жарлык 18-мартта "Талибан" өкмөтүнүн Twitter баракчасына жарыяланды. Жарлыктын себеби ачык айтылган жок. Талибдердин көптөгөн чиновниктери жогорку мамлекеттик... Читать дальше...

Пакистанда Имран Ханды колдогон ондогон киши кармалды

Azattyk.org 

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Ханды колдогон ондогон киши кармалды. Бул тууралуу 20-мартта Reuters агенттиги Хандын "Техрик-и-Инсаф" партиясы тараткан маалыматка таянып билдирди. Эки күн мурун Хандын тарапкерлери Исламабаддагы сот имаратынын алдында полиция менен кагылышкан. Ал күнү мурдагы премьер-министр коррупцияга байланыштуу башка иш боюнча сотко келиши керек эле. Полиция Хандын жактоочуларын таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Митингчилер полиция кызматкерлерине таш ыргытып, от коюуга аракет кылышкан. Читать дальше...

Талас: Милиция өспүрүм кызды зордуктоого шектүү кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Таласта милиция 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоо фактысын иликтеп жатат. Облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Арал айылынын тургуну быйыл 27-январда 14 жаштагы небересин айылдашы күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган. Милиция "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну кармалган. Азыр иликтөө-тергөө уланып жатканы айтылды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган... Читать дальше...

Кыргызстан алгачкы жолу электрондук добуш берүү ыкмасын колдонуп көрөт

Azattyk.org 

Бүгүн 20-мартта Кыргызстанда айылдык кеңештердин 14үнө депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, үгүт иштери 8-апрелде жыйынтыкталып, шайлоо 9-апрелде өтөт. Нарындын Чаек, Көк-Ой, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр, Оштун Отуз-Адыр, Кабылан-Көл, Исанов, Кеңеш, Таластын Бакыян, Бейшеке, Шекер жана Чүйдүн Байтик, Кызыл-Дыйкан айыл кеңештериндеги жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышууда. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 97си аялдарга берилет. Читать дальше...

Көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюндары өтүүдө

Azattyk.org 

Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдештин финалдык оюндары "Ак-Кула" ат майданында бүгүн, 20-мартта башталды. Экинчи лигада 1-орунду Бишкектин "Көк-Жал" командасы жеңди. Алар финалда Чүйдүн "Кара-Балтасын" 5:1 эсебинде утуп алды. 3-орун үчүн беттеште “Кетмен-Төбө” командасы “Ак-Илбирсти” 9:4 эсебинде жеңди.  "Көк-Жал" - "Кара-Балта" / II лига / Финал. 20-март, 2023-ж. Алдыда 40 жаштан жогоркулар арасында баш байге үчүн “Сары-Өзөн” менен “Жети Дубан” командалары ойнойт. Читать дальше...

Орок айыл өкмөтүнүн катчысы жер тилкесин мыйзамсыз каттоого шектелип кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, шек саналып кармалган жооптуу катчынын жашаган үйү тинтүүгө алынган. Анын натыйжасында  жазуучу машина, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын... Читать дальше...

Кара-Жыгачта мыйзамсыз делген электр мамылары, жолдор буздурулду

Azattyk.org 

Чүйдө 64,5 гектар жерди ээлеп алууга шектелип жаткан адам курду деген 98 электр мамысы зымдары менен кошо, төрт контейнер жана жолдор буздурулуп, аянт мурдагы калыбына келтирилди. Бул тууралуу 20-мартта Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 19-мартта ал жерге облус жетекчилиги жана милиция кызматкерлери барып, мамылар менен контейнерлер сотко далил катары көрсөтүш үчүн Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилди. Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында башкалардын жерин басып алып... Читать дальше...

HRW: "Кемпир-Абад ишинде" толтура процессуалдык мыйзам бузуу бар

Azattyk.org 

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын ишинде Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келген толтура процессуалдык мыйзам бузуулар бар деп эсептейт. Бул тууралуу уюм 20-мартта жарыялаган билдирүүсүндө айтып, кыргыз бийлиги дүйнөлүк коомчулук алдында сый мамилеге татыктуу өнөктөш катары кала алабы же жокпу деген суроо турганын белгиледи жана камактагыларды бошотууну, калыс иликтөөнү талап кылды. Читать дальше...

ИИМ пара сунуштаган айдоочулар жоопкерчиликке тартыларын эскертти

Azattyk.org 

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББ) коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да жазага тартыларын эскертти. Аталган башкармалык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу аракеттери кызматкерлердин ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан аёосуз жүргүзүлүп жатканын билдирди.  "Жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында, кызматкерлерге акча сунуштап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *