Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы миңдеген аял жүрүшкө чыкты
8-мартта Тбилисиде "чет элдик агент жөнүндөгү" жаңы мыйзамга каршы аялдар жүрүшкө чыгышты. Байкоочулардын айтымында, акцияга кеминде беш миң адам катышты. Алар "Кыз-келиндер катаал көзөмөлгө каршы" деген жазуусу бар стикерлерди таратышты. Жүрүшкө чыккандар борбордук Руставели проспектиси аркылуу парламент имаратынын алдындагы аянтка келишти. Нааразылык акциялары Грузиянын башка шаарларында да өтүүдө. Активисттер Грузиянын Орусияга эмес, Европага ыкташын талап кылып жатышат. Полиция күч колдонуп, ондогон жаранды кармады. Читать дальше...